Таңды макшар

Википедия дан

Таңды макшар, Таңгы макшар (арабча таңда жыйнала турган жер) — ислам дининин ишениминде бул жарык дүйнөнүн эң акыркы таңы. Ошондо бүткүл өлүктөр тирилип, чогулуп бул дүйнөдө жасаган иштери үчүн сурак беришет имиш. Эпостун оң каармандары достук анты-шертин, адамкерчилик парзын аткарбоону чоң күнөө эсептеп, Т. м. күнүндө уятка калбас үчүн өзүн курман кылса да аны аткарууга аракет кылышат. Манастын көрүн жашыруун казган балбандарды билгенин элге айтып коёт деп өлтүргөн күнөөсү жөнүндө Каныкей "Таңды макшар күнүндө, беш балбандай момунга, кара эшек болор эбим бар" — дейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4