Телезно Бернардино

Википедия дан
Бернардино Телезно.

Телезно, Бернардино (итал. Bernardino Telesio, 1509–1588) – Кайра жаралуу доорундагы италиялык натура философ. Ал өзүнүн «нерселердин жаратылышынын алардын өздөрүнүн ылайыгы боюнча башталышы» деген негизги чыгармасында философиялык көз караштарын баяндаган. Телесно схоластикалык аристотелизмге каршы болуп, жаратылышты өзүнүн мыйзамынын негизинде тажрыйба менен изилдеп үйрөнүү максатында Академия негиздеген. Ал боюнча материя пассивдүү, ынтасыз; жылуулук менен сууктук-баштапкы кыймыл булактары. Телесно сенсуализмди жана аңдап – билүү тажрыйбасын негиз кылып алат. Адам тукумдукк «жандан» башка да Кудайлык жана өлбөстүк жанга ээ болгон жаратылыш реалы. Адамдын ыйманды жашоо-турмушу төмөнкүдөй жаратылыштык негиздерди камтып турат: өзүн сактаган жакшылыкты, бузуучу жамандыкты. Бул реалдуу дүйнөнү жаратып, түзүүчү жана башкаруучу-кудай, ал жаратылыштын да, адамдын да чыгармачылык активдүүлүгүн аныктайт. Телеснонун сенсуалдык-тажрыйбалык методология түзүүгө болгон аракети бир кыйла бааланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]