Тель-Арад
Тель-Арад (евр. תל ערד) — Израилдин түштүгүндөгү байыркы Арад шаарынын ордунда жайгашкан улуттук парк[1][2].
Азыркы Арад шаарынан 7 чакырым батышта, Негев жана Иудей чөлдөрүнүн чегинде жайгашкан[3][4].
Улуттук парктын аймагында археологиялык казуулардын артында коло дооруна таандык ханаандык Төмөнкү шаары жана жөөттөрдүн Биринчи ибадаткана мезгилиндеги (б.з.ч. XI кылым) Жогорку шаары казылып ачылган[5].
Ханаан Арадынын аймагы 10 гектардан ашык, шаар мунаралары жана дарбазалары бар узундугу 1200 метр, туурасы 3-4 метр, бийиктиги 8 метрге жеткен дубал менен курчалган. Ханаан Арадынын экономикасынын жана маданиятынын гүлдөшү б.з.ч. 2950—2800 жылдарга туура келет. Бул шаардын аймагынан табылган тарыхый эстеликтердин арасында Мисирдин биринчи падышалар династиясынын негиздөөчүсү Нармердин ысымы жазылган кумура бар[6].
Жөөттөрдүн шаарында курмандык чалынуучу жайы бар ибадаткана табылган. Бул шаардын бекемделген дубалдары жана ыйык делген жайы Израилдин бириккен падышалыгынын убагында курулган. Ибадатканада Яхвеге жана Ашерага арналган эки такта табылган[6].
Арад ибадатканасы — Израилдин аймагында табылган жөөттөрдүн биринчи ибадатканасы. Иосия падышасынын бийлиги учурунда б.з.ч. VII кылымда диний реформанын жыйынтыгында, ибадаткананы топурак менен көмүп коюшкан деген божомолдор бар[6].
Башка табылгалардын арасында б.з.ч. VII кылымга таандык чопо идиштеринин капкактарында көптөгөн тексттер бар. Бул тексттер Яхве, саясий, аскердик, ошол убактагы шаардын абалын чагылдырган мааниде. Баардыгы болуп 91 байыркы еврей тилинде, 85 арамей тилинде, 2 грек тилинде жана 5 араб тилинде жазылган тексттер таабылган[6].
1962-жылдан башталган археологиялык казуулар жыйырма жылдан узак уланган. Бул иштердин башында Йохананом Аарони жана Рут Амирам турушкан[5].
Улуттук парк 1982-жылы ачылган, парктын жанында туристер үчүн атайын жай уюштурулган.