Темирова, Алтынай Эгембердиевна

Алтынай Эгембердиевна Темирова - Жалал-Абад облусунун, Аксы өрөөнүнүн Жерге-Тал айылында 1960-жылы 17-ноябрда туулган. Акын, драматург, сценарист, котормочу. 1984–1990-жж. Москва шаарындагы M.Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк Адабият институтунун бүтүрүүчүсү.
ӨМҮР ТАРЖЫМАЛЫ
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алтынай Эгемберди кызы Темирова 1960-жылы 17-ноябрда Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу (мурдагы Ош облусунун курамында болгон) Аксы районунун Жерге-Тал айылында туулган. Анын теги кыргыз.
Сегизинчи класстын аягына чейин Ата-Журту Аксы районунун Жерге-Тал айылында окуйт. 9-10-класстарды Нарын шаарында окуп, ата-энеси ошол жакка көчүп барышкан. Алгачкы ыры, 1977-жылы "Теңир-Тоо" гезитине орто мектепте окуп жаткан кезде чыккан. 1979-жылы Фрунзе шаарына келип, Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтуна тапшырганга эмгек стажы керек экенин жарыядан окуп, жөнөкөй эле кийим тигүүчү болуп иштей баштаган. Ошо кезде жазуучулар союзунун алдындагы "Алыкул" атындагы Омор Султановдун, "Жаш толкун" аттуу Роза Мукашеванын адабий ийримдерине бош убакытта катышып жүргөн. Ошол ийримдерден тандалып жаш акын-жазуучулардын Арашанда өтө турган I-Республикалык чыгармачылык семинарына да катышып калат. Бул арада “Ленинчил жаш” гезитине бирин-серин ырлары жарыяланып, "Учкун" альманахынан, “Маданият” гезитинен, “Ала-Тоо” журналынан, “Литературный Киргизстан” журналынан аз-аздап көрүнө баштайт.
Мунун баары, 1984-ж. Москва шаарындагы M.Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк Адабият институтуна Жазуучулар союзунан Жолдомо алып тапшыруусуна чоң көмөк берген. Бирок, ал жакта биринчи кезекте чыгармачылык конкурстан кандай өтөөрү маанилүү болгон. Почта аркылуу ырларын салып жиберип күтүп жүргөн кезде, бир күнү чакыруу келет: "Экзамен бергенге келип документтериңди тапшыр" - деп жазылган экен. Биринчи курстан эле чыныгы чыгармачылык чоң сыноо башталат. Ар бир жумада бир күндөн чыгармачылык семинар-талкуу өтүлүп, жума сайын улам бирибиз сындалып, анализге алынып, катуу түйшүктөнө баштайт. Бул сыноодон өтпөгөндөрдү башка гуманитардык окуу жайларга которо башташкан.
Ошол кезден баштап өзүнүн ырларын өзү орус тилине сапма-сап которуу аракетин жасап, анткени ал жакта баары орус тилинде болгондуктан, мажбур болот. Каникулга келген сайын ырларын республикалык гезит-журналдарда иштегендер сурап алып калышат. Ошол кездеги эң кадырлуу жана элге кеңири белгилүү: “Маданият” гезитине, “Ленинчил жаш” гезитине жарым бет, бир бет ырлары жарыяланып, “Учкун” алманахына, “Ала-Тоо” журналына беш-алтыдан ыры, бир нечеси “Литературный Кыргызстан” журналына орус тилине которулуп байма-бай чыга баштайт, алгач акын катары элге дароо ошол кезден баштап кеңири таанылат.
Алгачкы поэтикалык жыйнагы "Бурганак" деген ат менен 1989-жылы Фрунзе шаарынын "Адабият" басмасында жарык көргөн, дипломдук иши да ушул болгон.
ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖОЛУ
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Окууну бүтүп, 1990-жылдан тартып: "Адабият" басмасында редактор болуп иштеп, чыгармаларга рецензия жазуу боюнча тажрыйба топтойт.
1991-жылы Арашанда өткөн “Алыкул” атындагы республикалык поэтикалык конкурс-семинарда 1-орунду жеңип алган соң, Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынат.
1992-жылы “Адабият” басмасы жабылаарда Кыргыз Мамлекеттик телерадио корпорациясына – КТРКга адабий бөлүмгө редактор-журналист болуп иштөөгө чакырылып иштеп калган. Ал жерде автордук уктуруулары менен 1997-жылга чейин иштеген. Ошол кездеги автордук уктурууларымдын көпчүлүгү КТРКнын Алтын фондуна кирген.
Андан соң, Кыргыз Улуттук Академиялык драмтеатрында адабият бөлүмүнүн башчысы болуп орношот. Анткени, 1993-жылы алгачкы пьесасы “Генийдин уру” менен республикалык жабык конкурста биринчи орунду алып, пьеса Барпы театрында коюлган. 1994-ж. Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы драмтеатрда чоң ийгилик менен коюлган. Ош шаарынын басмаканасынан китеп болуп да басылып чыккан. “Нооруз-95” регионалдык театралдык фестивалында Гран-При алып “Жылдын мыкты спектакли” аталган. Кийинки жылы Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясынын Алтын Фондуна кирген.
Андан кийин экинчи пьесасы "Теңирдин оту" Швейцария-Кыргызстандын "Хелветас" эл аралык фондунун 1998-ж. өткөргөн республикалык конкурсунда 1-орунду алып, 2003-ж. "Учур" театрында ийгиликтүү коюлат.
1999-ж. эл аралык "Сорос – Кыргызстан" фонду А.С. Пушкиндин 200-жылдыгына карата адабий конкурс уюштуруп, анын "Жезит айым" – "Пиковая дама" деген чоң чыгармасы кыргыз тилине мыкты которулгандыгы үчүн 1-орунду жеңип алып, котормону аталган фонд жыйнак кылып чыгарган.
Алгачкы "Алтынай. Тандалмалар" жыйнагы: поэзия, проза, пьесалар жана котормолору менен чогуу 2003-ж.кыргыз-орус тилдеринде жарык көрөт. Кийинки "Сынык асман" пьесасы "Калемгер" фондунун 2007-ж. адабий конкурсунда байге алып, 2010-ж. Кыргыз Улуттук Академиялык драмтеатрында ийгиликтүү коюлат. Маданият министрлигинин Искусствону өнүктүрүү бөлүмү тарабынан мыкты драматургиясы үчүн "Т.Абдумомунов" атындагы сыйлыкты ыйгарат жана спектакль Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясынын Алтын Фондуна кирет.
2005-жылы дүйнөлүк ПЕН-Клуб уюмунун Финландияда Хельсинки, Лахти шаарларында өткөргөн: Азия, Европа жана Америка жазуучуларынын Конгрессине чакыруусу менен барып катышат. Ырлар топтому фин тилине которулуп, китепче болуп чыгарылат. Финляндиянын көрүнүктүү гезитине сүрөтү менен чогуу интервьюсу да чыгат. Радиосуна да интервью алышкан.
2007-ж. Т.Океев атындагы улуттук "Кыргызфильм" киностудиясында башкы редакторлукка чакырылып, иштеп баштаган. Кийинки 2008-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында: "Тоолор кулаганда, же Айтматов менен коштошуу" документалдуу фильмге А.Темированын сценарийи жана дикторлук тексти боюнча тартылып, коомдо кеңири резонанс жаратты. Республикадагы бардык телеканалдарда көрсөтүлүп, "Мир" телеканалы Москвадан СНГ боюнча программага коюп чыгарылган жана чет өлкөлөргө да кеткет.
А.Темированын сценарийи боюнча тартылган "Кыргыз кереметинин" алгачкы кинооператору "Кадыржан" (Кыдыралиев) жөнүндөгү документалдуу фильм 2008-жылдагы Ысык-Көл кинофестивалында "Гран-При" сыйлыгына ээ болгон. КТРКда тартылган «Тапан» төрт сериялуу тасма көгүлтүр экранда бир нече жыл көрсөтүлгөн.
Театрлар үчүн чет элдик драматургиядан которгон пьесалары; Елен Елимжандын "Жан урааны" менен Морис Метерлинктин "Азиздери" "Учур" театрында, Эсхилдин "Фарсылары" Ош драмтеатрында "Ый" деген ат менен ийгиликтүү коюлган.
2008-жылы КРнын Мамлекеттик патент кызматы чыгарган "Кыргызстандын Жазуучулары" аттуу энциклопедиялык маалымат жыйнагына кирген.
2010-жылдагы апрель революциянын арты менен киностудияда иш токтоп, айлыктарга да акча бөлүнбөй калганда "Де-Факто" гезитинде эки жыл Маданият менен Искусствону чагылдырып үзүрлүү иштеп, андан соң гезит башка бир адамдын колуна өткөн соң, 2013-ж. баштап "Азаттык" радиосунда Маданият жана Искусство багыты боюнча бир жыл контракт менен иштеген.
2012-ж. Уфа шаарында өткөн "Ак Торна-II" Түрк тилдүү элдердин адабий конкурсунун лауреаты болгон. "Түрк элдеринин Х-эл аралык адабий фестивалына" катышкан.
2015-ж. Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзунун "Алтын Калем" сыйлыгы мыкты поэзиясы үчүн берилген.
Ошол эле, 2015-ж. Кыргыз Улуттук Академиялык драмтеатрынын жетекчилигинен "Махабхарата" эпосунун негизинде жаңы пьеса жазып берүүгө чакыруу алып. Ал пьесаны жазып бүтөрдө, адабият бөлүмүнүн башчысы ошо кезде жокнин экенин угуп, келип иштеп берүүсү сунушун алган. Ошентип, кайрадан ал жерде иштеп калган. 2016-ж. "Улуу Бхаратанын урпактары" пьесасы чоң ийгилик менен коюлуп, Кыргызстан Аялдар Конгресси премьерадан соң, күтүүсүз "Эл аралык алтын медалын" чоң сахнада ыйгарышкан.
2017-ж. Кыргыз адабиятынын Якутиядагы күндөрү белгиленмекчи болуп, ага карата саха-якут акын-жазуучуларын которуу иши боюнча Улуттук жазуучулар союзунун "Ала-Тоо" журналынан кайрылышат. "Ала-Тоо" адабий журналынан улам бир материалды "жардам бер, которуп бер" деп жиберип атышып, калың адабий журналдын жармы А.Темированын котормолору болуп калат. Андыктан, журнал чыкканда Саха-Якутияга барчу делегацияга кошулат. Ал жака баруу бактысы туура келгенине абдан кубанып, алар да биздин акын-жазуучуларды которуп, адабий журналдарга эле эмес, өзүнчө китеп кылып да чыгарышканын көрөт. Андан тышкары, тап-такыр күтпөгөн, ойго да келбеген баалуу сыйлыктарына да ээ болот. Ак эмгекти баалоо эмне экенин чындап ошондо сезип ыраазычыгын билдирет.
Ал жактан чоң таасирлер менен келген соң, мени "Ала-Тоо" адабий журналына иштөөгө чакырылат. Пандемия башталганга чейин албетте үзүрлүү эмгектенип, бир кварталда бир жолу араң чыгып калган адабий журналды ай сайын чыга турган абалга жеткирген, тиражын көбөйткөн. Окурмандар кызыгып Москвадан бери журналга жазылып ала башташкан. Аңгыча пандемия башталып, карантин убагында басмалар жабылып, журналдын иши да токтоп калган.
Ал арада, Москвадагы Интернационалдык жазуучулар союзунун эл аралык конкурстары - В.Набоков жана Антуан де Сент-Экзюпери атындагы "Диплом" сыйлыктарына ээ болот. Москва шаарынан "Автограф-5" жыйнагына (2018-ж.), "Байрон менен бирге" (2019-ж) жыйнагына ырлары чыгат.
2020-ж. "Лунная гора" ("Ай конгон тоо") уникалдуу поэтикалык жыйнагы Москвада Интернационалдык жазуучулар союзунун(ИЖС) "Лондон сыйлыгына сунушталат" сериясынан (ИЖС) жарым гранттык долбоор менен жарык көрөт. Анда, Поэзия жанры боюнча "белгилүү акындар" категориясында Финалга чыккан жеңүүчү болгон. Москвада китептин бет ачары Борбордук Адабиятчылар Үйүндө (Центральный Дом литераторов) өтүп, ИЖСнын "65 жылдыгына" карата юбилейлик медаль менен сыйланган.
2020-ж. П.Ойунскийдин прозаларынан котормосу "Улуу Кудангса" деген ат менен Президенттин алдындагы Тил комиссиясы тарабынан китеп болуп чыгып, 2021-жылы "Кабар" агенттигинде бет ачаары өткөн. 2022-ж. Саха-Якутияда (РФ) "Благодать большого снега" Эл аралык фестивалына "Ардактуу конок" катары чакырылып, анда: "За укрепление мира и дружбы народов" мамлекеттик медалын өкмөт үйүндө кабыл алууда ыйгарышкан.
Евразия Гильдиясынын эл аралык конкурсуна 2020-21-ж.ж. чыгармалары "Балдар адабияты" боюнча проза жанрында Финалга чыккан жеңүүчүсү болгон.
2020-21-ж.ж. кыргыз тилине мен которгон чет элдик көрүнүктүү жазуучулардын мыкты чыгармалары китеп болуп жарык көргөн. Алар: ногой классиги К.Темирбулатованын – "Кадрия" жыйнагы, ТҮРКСОЙ уюмунан Турцияда чыккан; Лейла Алиеванын ыр жыйнагы, Бишкектеги Азербайжан өкүлчүлүгү колдоп чыгарды; казак акыны Маржан Ершунун китеби Бишкекте чыкты; Саха-якут классиги Платон Ойунскийдин "Улуу Кудангса" прозалык жыйнагы, КРнын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан чыгарылган.
2022-жылы Германияда немец тилинде өзүнүн поэзия китеби "Ich bin geflogen" деген ат менен басылып чыгып: "Адабияттагы жетишкендиктери" үчүн деп "Алтын Диплом" менен сыйланган.
2022-ж. ЛИК (Международная академия Литературы, Искусство, Коммуникации, Германия-РФ) Эл аралык академиясы коомунун чыныгы Академиги (действительный член академии) Күбөлүгү ыйгарылган.
2022-жылы Дүйнөлүк Поэзия кыймылынын (WPM – World poetry Movement) Кыргызстандагы Улуттук координатору болуп тандалган.
2023-ж. Венесуела менен Колумбияда өткөн акындардын Дүйнөлүк Конгресси менен Фестивалына катышкан.
Акыркы жылдары куурчак театрында балдар үчүн да пьесаларды жазып: "Кумурска – токой сакчысы" пьесасы үчүн "Алтын калем" сыйлыгы менен сыйланган. "Эргүү" Улуттук фестивалында "Балдар үчүн коюлган жылдын мыкты спектакли" аталып, 2023-ж. Гран-При номинациясын жеңип алган.
2024-ж. балдар үчүн жазылган "Эр Төштүк" пьесасы Тегеран шаарындагы (Иран) Эл аралык фестивалдын ийгиликтүү катышуучусу болду, ар бир каарман Иран мамлекетинин Грамоталары менен сыйланып келишкен. Фестивалдагы оригиналдуу төрт спектаклдин бири болгон.
2024-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен чыккан "50 китеп" долбоорунда "Кайыр кош каран түн" деген прозалык жыйнагы жарык көргөн.
2024-ж. Кытайдын Сиан шаарында өткөн Жибек-Жолу эл аралык фестивалында Тан доорунун чыгаан акыны "Ван Вей" атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.
2025-жылы поэзия китеби түрк тилинде Турциядан ТЮРКСОЙ тарабынан басылып чыгып жатат, о.э. Түркиянын "Gufte", "AydIn Efesi" адабий журналдарында жарык көрдү.
2025-ж. Казакстандын Алматы шаарында өткөн түрк тилдүү элдердин Эл аралык поэзия фестивалында "Хаким Абай" жана "Түрк халкларынын бирлиги" Эл аралык медалдары менен сыйланды.
2025-жылы "Бийчи жамгыр" поэзия китеби Гавана шаарынан испанча, англисче, кыргызча жана орусча – төрт тилде жарык көрдү жана Гавана Эл аралык фестивалында бет ачары болду.
Ырлары 1980-жылдардан 1990-жылдардын ортосуна чейин: кыргыз, орус, алтай, кытайлык кыргыз (араб тамгасында) тилдеринде гана гезит-журналдарга чыгып келген болсо, 2000-жылдардан баштап: фин, саха-якут, немис, казак, өзбек, англис, башкырт, түрк, испан, хинди, кытай, норвег, италия, белорус, ж.б. тилдерге которулуп; басма беттеринде, өзүнчө китептерде, альманахтарда, беш континенттеги чет өлкөлөрдүн Антологиялык жыйнактарында, бир нече глобалдуу Дүйнөлүк Антологияларга да басылып чыкты.
А.Темированын чыгармачылыгына мүнөздүү көрүнүш: кандай гана жанрдагы чыгарманы жаратпасын, анда ар дайым терең философия, элдик нукура мүнөз, образдардын тереңдиги, тарыхый нуктун айкындуулугу, алган тематиканын масштабдуулугу, диапозондун кенендиги, сөз казынасынын байлыгы, уникалдуу стил, өзгөчө эстетика, поэтикалык мүнөз-боёктордун, сүрөттөө-образдардын оригиналдуу, өз тарыхый багыты бардыгы.
Эл аралык фестивалдарда кыргыз адабиятынын татыктуу, абройлуу өкүлү катары катышып, алдыңкы орундарды алып, эл аралык сыйлыктарга ээ болууда. Чыгармачылыгынын бир нече жанрда – поэзия, проза, драма, котормодо өркүндөтүп жана элге жогорку деңгээлде тартуулап келе жатат.
Азыркы учурда кыргыз окурмандарына эле эмес, чет өлкөлөрдөн бери уникалдуу бийик поэзиясы менен таанымал заманбап "полилингв" акын катары дүйнөнүн беш континентиндеги акындар менен поэзия изилдөөчүлөрдүн башын бириктирген эл аралык уюмдун – англис тилинде "WORLD POETRY MOVEMENТ”, кыскача – (WPM) – "Дүйнөлүк поэзия кыймылы" аттуу планетардык масштабдагы уюмдун Кыргызстандагы Координатору катары дүйнө акындары менен тыгыз байланышта жана учурдагы Кыргыз Поэзиясын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүүдө чоң салым кошууда. WPMдин акындарын да англис тилинен кыргыз тилине которуп КРнын жазуучулар сайтына мезгил-мезгили менен жарыялап заманбап дүйнө акындары менен кыргыз окурмандарын тааныштырууда.
Ошондой эле, азыркы учурда балдардын Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын Адабий бөлүмүн; принципиалдуу, кругозору кенен, жогорку деңгээлдеги адис адабий кызматкер катары өтө олуттуу жоопкерчилик менен үзүрлүү жетектеп келет.
ЭМГЕК ЖОЛУ
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1990-92-жж. мамлекеттик “Адабият” басмасынын редактору болуп иштеген; [1]
1992-98-жж. КТРКда улук редактор болгон;
2000-2005 жж. КУАДТнын адабият бөлүмүнүн башчысы;
2007-2011-жж. Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясында Башкы редактор болуп эмгектенген;
2010-2012-ж.ж. “Де-Факто” гезитинин маданият бөлүмүндө иштеп, кыргыз киносунун 70 жылдыгына карата “кыргыз кереметин” даңазалаган, аны жараткандардын, айрыкча, Чынгыз Айтматовдун кинодогу зор эмгегин эскерген “Берметтер дүйнөсүндө” деген табылгалуу рубрикасында унутулган бейнелерди, эпизоддорду сууруп чыккан публицистикалык көркөм изилдөө макалалар түрмөгүн гезит бетине жарыялап зор эмгек кылды.
2013-14-ж.ж. “Азаттык” Эл аралык радиосуна конкурсу жок кабыл алынып Маданият жана Искусство программасында ийгиликтүү иштеди.
2015-17ж.ж. Улуттук Академиялык Кыргыз драмтеатрында Адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеп өзүнүн мыкты маданий кызматкерлигин көрсөттү.
2017-2020ж.ж. Улуттук жазуучулар союзунун “Ала-Тоо” адабий журналында редактор болуп үзүрлүү эмгектенди.
2021-ж. май айынан бери М.Жангазиев атындагы куурчак театрында Адабий бөлүм башчы болуп эмгектенүү менен катар, эл аралык деңгээлде башка өлкөлөрдүн чыгармачыл чөйрөлөрү менен да активдүү иш алып барууда.
КИТЕПТЕРИ
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Автордук китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1989-ж. алгачкы ыр жыйнагы “Бурганак” мамлекеттик “Адабият” басмасында жарык көргөн жана жазуучулар союзуна мүчөлүккө кандидатурасы коюлган. (Ырлар:– Б.: Адабият, 1990. – 155–193 б. Жамааттык жыйнак.)
1994-ж. “Барпы” (“Генийдин үрү”) пьесасынын жыйнагы чыккан. (Пьеса. – Ош, 1994. – 3–55 б. Жамааттык жыйнак.)
2005-ж. “Алтынай” Тандалмалар жыйнагы кыргыз-орус тилдеринде жарык көргөн. (Тандалмалар. 1-том. – Б.: Бийиктик, 2003. – 512 б. – кыргызча, орусча.)
2005-ж. PEN-CLUBдын Хелсинки жана Лахти шаарларында өткөн акын-жазуучулардын дүйнөлүк Конгрессине катышып фин тилинде ырлары жарык көргөн.
2007-ж. “Сынык асман” пьесасы “Калемгер” фондунун конкурсунда байге алып китеп болуп чыккан. (Пьеса. К-те: Булак. – Б: Калемгер, 2007. – 96–132-б. Жамааттык жыйнак.)
2017-ж. Якутски шаарында ырлары саха тилинде жарык көргөн.
2018-ж. Пекин шаарында кытай тилинде чыккан кыргыз классик акындарынын Антологиясына ырлар топтому кирген.
2020-ж. “Лунная гора” ырлар жыйнагы Москва шаарында Интернационалдык жазуучулар союзунун “Лондонская премия представляет писателя” сериясынан орус тилинде грант менен жарык көргөн.
2021-2022-ж.ж. Москва шаарынан чыккан “Автограф”, “Байрон менен бирге” жыйнактарына ырлар топтому чыккан.
2022-ж. Германияда немец тилинде көркөм которулган поэзия китеби жарык көргөн.
2022-2023-ж. Москва (РФ) жана Минск (Белорусия) шаарларында чыккан дүйнөлүк (26 өлкөнүн акындарынын) антология жыйнактарына орус жана белорус тилдеринде ырлар топтому чыккан.
2022-жылдан бери, Жер планетасындагы беш континенттин белгилүү акындарынын поэзиясын чагылдырып, жылына бир жолу чыгуучу “Planetariat Poetry” (WPM – World Poetry Movement) Дүйнөлүк Антология жыйнагына алгач испан тилинде, андан соң англис тилинде жыл сайын ырлары чыгып жатат.
2023-ж. Меделин (Колумбия) жана Каракас (Венесуела) шаарларында өткөн Дүйнөлүк Конгресс менен Фестивалга бешНов континенттеги өлкөлөрдөн келген алтымыш акын менен бирге катышып испан тилинде жыйнакка ыр топтомдору чыккан.
2024-ж. СНГ мамлекеттеринин белгилүү акындарынын Антологиясына ыр топтомдору орус тилинде чыкты.
2024-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен чыккан “50 китеп” долбоорунда А.Темированын Проза жыйнагы жарык көрдү.
2024-2025-ж.ж. кытай тилинде, англис, испан, италия тилдеринде жыйнактарда, басма беттеринде: Жаңы Зеландия, Венеция, Нью-Йорк, Пекин, Индия, Уэльс, Меделин, Каракас, ж.б.жерлерде ырлары жарык көрдү.
2025-ж. Пекин шаарында жылына бир жолу чыкчу “Дүйнө акындары” антологиялык жыйнагына да ырлары менен бирге, белгилүү профессор, адабиятчы Үмүт Култаеванын, А.Темированын акындык чыгармачылыгын анализдеп, иликтеп жазган илимий макаласы да англис тилинде жарык көрдү.
2025-ж. Май айында Гавана шаарында (Куба) өткөн Эл аралык поэзия фестивалына катышып, анын алкагында төрт тилде (кыргыз, орус, испан, англис) Гаванада жарык көргөн “Бийчи жамгыр” поэзия китебинин бет ачары болуп өттү.
Которгон китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1999-ж. “Жезит айым” (“Пиковая дама” А.С.Пушкин) прозалык драмасынын кыргыз тилиндеги котормосу “Сорос” фондунун республикалык конкурсунда 1-орунду алып, фонддон китеп болуп чыккан. (Котормо. – Б.: Сорос, 1999. – 44–90 б. Жамааттык жыйнак.)
2019-ж. Кадрия Темирбулатованын (Дагестан, РФ, ногой акыны) ырларынан котормосу ТҮРКСОЙ уюмунан китеп болуп басылып чыккан.
2020-ж. казак акыны Маржан Ершунун ырларынын котормосу Бишкекте жыйнак болуп жарык көргөн.
2021-ж. “Улуу Кудангса” (П.Ойунский, саха-якут классиги) прозаларынын котормо жыйнак китеби Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынан басылып чыккан.
2022-ж. Лейла Алиеванын ырларынан котормосу Бишкектеги Азербайжан өкүлчүлүгүнүн колдоосунда басылып чыккан.
2025-ж. казак акыны Шамшия Жубатованын китеби кыргызчаланды.
2025-ж. түрк тилдүү элдердин тарыхын изилдеген белгилүү венгер тарыхчысы, илимпоз “Коңур Мандоки” жөнүндө (автор Маржан Ершу) даректүү романды которду.
ПЬЕСАЛАРЫ
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Автордук пьесалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1993-ж. “Генийдин үрү” (“Барпы апыз”) – алгачкы пьесасы Маданият министрлигинин республикалык жабык конкурсунда биринчи орунду алган,
1994-ж. Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында мыкты коюлган жана 30 жылдан бери театрдын репертуарында. КТРКнын Алтын фондусуна кирген.
1998-ж. Швейцария-Кыргызстандын “Хелветас” фонду республикалык конкурс жарыялап “Теңирдин оту” пьесасы биринчи орунду алган,
2003-ж. Учур театрынын сахнасында ийгиликтүү коюлган.
2007-ж. “Сынык асман” пьесасы республикалык конкурста биринчи орунду алып, 2010-ж. Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын сахнасында чоң ийгилик менен коюлган жана КТРКнын Алтын фондусуна кирген.
2017-ж. «Улуу Бхаратанын урпактары» пьесасы («Махабхарата» эпосунун негизинде) Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын сахнасында зор ийгилик менен коюлган.
2022-ж. «Кумурска – токой сакчысы» пьесасы Кыргыз мамлекеттик М.Жангазиев атындагы куурчак театрында коюлуп, көрүүчүлөргө зор кызыгуу туудурду жана сахнада ийгиликтүү жүрүп жатат.
2024-ж. балдар үчүн жазылган «Эр Төштүк» (эпостун негизинде) пьесасы чоң ийгилик менен коюлуп Тегеран шаарындагы (Иран) Эл аралык фестивалга барып келди жана азыр Актау шаарында ТҮРКСОЙ өткөрүп жаткан Эл аралык Фестивалга катышууда.
Которгон пьесалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2004-ж. Елен Елимжандын (Казакстан) «Жануран» пьесасы «Учур» театрында коюлган.
2005 -ж. Морис Метерлинктин (Бельгия драматургу, классик) «Азиздер» пьесасы А.Темированын котормосунда Учур театрында коюлган.
2012-ж. Эсхилдин (байыркы Греция драматургу, классик) «Фарсылар» пьесасын которуп, С. Ибраимов атындагы Ош драмтеатрында «Ый» деген ат менен коюлган.
2022-ж. «Көңүлдүү, шаттуу Вакцина» балдар үчүн заманбап пьеса («Керемет көч» мультфильминин негизинде куурчак театрынын сахнасында коюлду.
2023-ж. «Кар балдар» (румын элдик жомогунан) Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын репертуарында.
2024-ж. «Ак кеме» (Ч.Айтматов, инсценировкалаган Б.Парманов) спектакли Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын репертуарында.
2025-ж. «Саламатсызбы!» (Р.Алдонина, М.Бартенев) Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын репертуарында.
КООМДУК ИШМЕРДИГИ
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1991-жылдан, СССР убагынан бери КРнын Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү.
2000-жылдан эл аралык Пен-Клубдун мүчөсү.
2014-жылдан бери Кинематографисттер союзунун мүчөсү.
2020-ж.бери Евразия жазуучулар союзунун мүчөсү.
2022-жылдан бери Дүйнөлүк акындар кыймылынын (WPM – World Poets Movement) мүчөсү жана Кыргызстандагы Улуттук координатору.
СЫЙЛЫКТАРЫ жана НААМДАРЫ
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргызстанда алган сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1993-1994-ж.ж. “Генийдин үрү” (“Барпы апыз”) пьесасы үчүн “Барпы” атындагы сыйлыктын лауреаты болгон. Спектакль “Жылдын мыкты спектакли” номинациясы Гран-При сыйлыгын жеңип алган, регионалдык фестивалда.
1998-1999-ж.ж. “Хелветас” (Швейцария-Кыргызстан) “Сорос” фонддорунун конкурстарында 1-орундарды алып, лауреат болгон.
2010-ж. “Т.Абдумомунов” атындагы сыйлыктын лауреаты – “Сынык асман” пьесасы үчүн.
2015-ж. Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгын мыкты поэзиясы үчүн алган.
2016-ж. Улуттук Академиялык Кыргыз драмтеатрында хинди элинин “Махабхарата” эпосу боюнча “Улуу Бхаратанын урпактары” пьесасы ийгиликтүү коюлуп, Кыргызстандын Аялдар Конгресси Эл аралык “Лидерлиги үчүн” алтын медалы менен сыйлаган.
2022-ж. “Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы” менен сыйланган.
2023-жылы Маданият министрлигинин “Алтын калем” сыйлыгын «Кумурска – токой сакчысы» пьесасындагы мыкты драматургиясы үчүн алды. Спектакль да Улуттук “Эргүү” сыйлыгын жеңип, балдар үчүн коюлган “Жылдын мыкты спектакли” – Гран-При сыйлыгына ээ болду.
Эл аралык сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2012-ж. Түрк тилдүү элдердин «Ак Торна-II» (УФА ш.) Эл аралык фестивалынын лауреаты болгон.
2017-ж. Саха (Якутия) Республикасынын (РФ) Мамлекеттик жыйынынын (Ил Тумэн) баалуу сыйлыгы менен “Алкыш Катын” алган чыгармачылык-маданий байланыштарда жетишкендиктери үчүн;
2019-ж. Италиянын “Парнасо Анжело Ла Векхия” жана Дагестан (РФ) жазуучулар союзунун биргелешкен Эл аралык фестивалынын “Расул Гамзатов” атындагы алтын медалын алып – Эл аралык абройлуу сыйлыктын лауреаты болду.
2022-ж. Саха (Якутия) Республикасынын (РФ) “Благодать большого снега” Эл аралык фестивалына ардактуу конок катары чакырылып, Мамлекеттик “За укрепление мира и дружбы народов” ардактуу сыйлыгы ыйгарылды.
2022-ж. Германияда немец тилинде поэзия китеби чыгып, адабияттагы жетишкендиктери үчүн “Алтын Диплом” алды.
2022-ж. Адабият, Искусство, Коммуникация (ЛИК – Литература, Искусство, Коммуникация) Академиясынын (РФ) чыныгы мүчөсү аталып “ЛИКтин Академиги” болду (Күбөлүгү бар).
2024-ж. Кытайдын Сиань шаарында өткөн Жибек-Жолу эл аралык поэзия фестивалы “Ван Вей” атындагы (Тан доорунун классиги) Эл аралык сыйлыгын тартуулады.
2025-ж. Алматы шаарында өткөн түрк тилдүү элдердин Эл аралык фестивалында “Хаким Абай” жана “Түрк халклары бирлигинин – Шүкүров” атындагы адабий сыйлык – медалдары менен сыйланды.
2025-ж. Май айынын аягында Дубайда (БАЭ) беш континенттин өлкөлөрүнүн акындары катышкан WPM менен “Жибек жолу” Эл аралык фестивалы акынга “АЗИЯДАГЫ ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АКЫНЫ” (“ASIAN POET OF THE YEAR AWARD") ардактуу сыйлыгын ыйгарды.
Ошондой эле Түркиядан, Россиядан, Кыргызстандан, ж.б. өлкөлөрдөн сыйлык катары берилген бир нече Грамоталар, Дипломдор бар.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- https://www.azattyk.org/author/93543.html
- http://news.iltumen.ru/sakha-post/interview/altyinay-temirova-maksim-ammosov-dyil-ata-olus-dolgupputa/ Archived 2017-10-15 at the Wayback Machine
- http://kaganat.kg/2017/07/26/ajtmamatka-ajtyp-koj-altynaj-temirova-barsbekke-tijish-bul-kyrgyzdarga-zhana-kyrgyz-taryhyna-chykkynchylyk-kyluu/(жеткиликсиз+шилтеме)
- http://bizdin.kg/поиск-по-автору/?author=Алтынай%20ТЕМИРОВА(жеткиликсиз+шилтеме)
- http://kmb3.kloop.asia/2012/03/15/alty-naj-temirova/ Archived 2021-05-07 at the Wayback Machine
Ички шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ А.Таемирова чындыгында иштеген.