Темир рудалары

Википедия дан

Темир рудалары - составында казып алууга экономикалык жактан арзырлык өлчөмдө темир жана анын бирикмелери бар минералдардын табигый чогундусу.

Негизги руда минералдары: магнетит, магномагнетит, титан - магнетит, гематит, гидрогематит, гётит, гидрогётит, сидерит ж. б. Өнөр жайлык маанидеги рудада Fe 16- 70% өлчөмундо болот. Т. районын кендери пайда болуу шартына карай эндоген, экзоген, метаморфоген кендерине бөлүнөт.

Эндоген кендерине; 1) магма кендери - габбро-пироксенит тектериндеги титан-магнетиттин дайка, кабат сымал катмарлары; сиенит, сиенит-диориттердеги апатит-магнетит катмарлары, 2) скарн кендери интрузия массивдерине чектеш же ага жакын женлердеги (скарндардагы) ар кандай татаал формадагы магнетит рудалары, 3) гидротерм кендери - минералдуу ысык эриндилерден пайда болгон сидерит, гидрогё- тит-сидерит рудалары кирет.

Экзоген кендери: 1) чөкмө кендер - деңиз менен кол сууларындагы темир бирикмелеринин хим. жана механикалык түрдө суу тубүнө чөгүндүсү; күрөң темир, сидерит, силикат рудаларынын чөкмө жана жанар тоо-чөкмө тектердин ара- сындагы катмарлары; 2) үбөлөнүү кыртыш кендери - темирлүү минералдардан тузулген тоо тектердин үбөлөнүп талкаланьппынан гематит- мартит. магнетиттүү кум, «темир калпак» ж. б. руданын өз ордунда же башка жерге ооп барып топтолушу.

Метаморфоген (метаморфизмделген) кендери пегизинен мурдагы экзоген (айрыкча чөкмө) кендеринин жогорку басым жана температура шартында өзгөрүлүшүнөн келип чыгат да, темирдүү кварцит, шеспилит, темирлүү роговик, магнетит, гематит, силикат жана карбонат рудаларынан турат. Өнөр жайлык маанидеги руда түзүүчү негизги минералына карай Темир рудалары бир нече түргө бөлүнөт: күрөң темир (негизги минералы гидрогётит, гётит, шамозит ж. б., Fe 55%ке чейин), гематиттүү руда (гематит, Fe 60%), магнетиттүү руда (магнетит, мартит, магнезио- феррит, магномагнетит, Fe 60%), сидериттүү руда (сидерит, Fe 35%), силикаттуу темир руда (темирлүү хлорит, Fe 40%), темирлүү кварцит (гематит, магнетит, мартит, Fe 36%).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.