Тереза эне

Википедия дан
Тереза эне (1986)

Тере́за эне (толук ысмы – Калькутталык Тереза эне, чыныгы ысмы — Агнес Гонджа Бояджиу, алб. Agnes Gonxha Bojaxhiu) — католикалык кечил, кедейлерге жана бейтаптарга кызмат кылган «Sisters of Missionaries of Love» аттуу аялдык монахтык конгрегациянын негиздөөчүсү. Тынчтык Нобел сыйлыгынын лауреаты. 1997 жылы АКШнын эң жогорку сыйлыгы – Конгресстин Алтын медалы ыйгарылган.

Өмүр-баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Агнес Гонджа Бояджиу 1910 жылы 26 августта македондук Скопье шаарында албандардын үй-бүлөсүндө туулган.

Он сегиз жашында ал «Ирландык Лоретодон сестралар» аттуу монахтык орденге кирген. 1931 жылы Агнес Гонджа Бояджиу чачын кыркып, монах болуп, Лизьеден Терезанын (ал өзүнүн кайрымдуулугу жана ырайымдуулугу менен белгилүү болчу) урматына жаңы Тереза ысмын алган.

Тез арадан кийин орден аны Калькуттага жөнөттү, ошол жерде ал 20 жыл боюу ыйык Мариянын айымдардын мектебинде сабак берчү. 1946 жылынын 10 сентябрында ал ордендин жетекчилигинен кедейлерге жана үйү-жайы жок адамдарга жардам бергенге уруксат алды. 1948 жылы болсо ал ушул жерде «Sisters of Missionaries of Love» аттуу монахтык коомдун конгрегацияны ачты. Бул уюм кишинин динине, улутуна карабастан кедейлерге жана катуу ооруп жаткан адамдарга мектептерди, ооруканаларды, убактылуу турак жайларды салчу.

1965 жылдан баштап Тереза эне негиздеген монахтык конгрегациянын ишкердиги Индиянын чегинен чыгып, азыркы учурда анын 111 дүйнөнүн өлкөлөрүндө 400 бөлүмү жана 120 өлкөдө 700 кайрымдуулук үйлөрү бар.

1973 жылы Тереза эне динде прогресс үчүн Темплтон сыйлыктын алгачкы лауреаты болгон.

1979 жылы Тереза энеге тынчтык Нобел сыйлыгы «Азап чеккен адамга жардам берүү ишкердиги үчүн» ыйгарылган.

1997 жылы 87 жашында дүнүйөдөн кайткан. 2003 жылы октябрь айында Католикалык Чиркөө аны беатификация (олуя катарына киргизүү) кылган.

Диний жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир күнү Тереза эне Христоско ишеничи жана адамга мамилеси жөнүндө мындай сөздөрдү айтты:

Биз Христосту көрүп албагандыктан, ага өзүбүздүн сүйүүбүздү билдире албайбыз, бирок жакындарыбызды дайыма көрө алабыз, ошондуктан кандай Христоско мамиле кылган болсок, ошончо аларга кылышыбыз керек.

Жеке түрүндө Тереза эне элүү жыл боюу, өлүмүнө чейин, өзүнүн диний ишеничтерине шек болуп, кээ бир убакытта “Кудайдын болгонун такыр сезбечи”, “жүрөктө дагы, евхаристияда дагы” деп анын постулатору Брайан Колодейчук (англ. Brian Kolodiejchuk) баяндаган. Тереза эне өзүнүн ишеничи жогунан азап тартчу:

Кайда менин ишеничим? Терең ичимде дагы... ээндиктен жана караңгылыктан башка эч нерсе жок... Эгер Кудай бар болсо – суранам, кечир мени. Мен ойлорумду асманга багыттаганда, ал жерде ээндик экендей сезилип, дал ошол ойлор курч бычак сымал кайтып, менин жанымды жарадар кылат... Кандай сыздатчуу ушул белгисиз оору – ишеничим жок. Эмне үчүн мен күрөшөм? Эгер Кудай жок болсо, жан дагы боло албайт. Эгер жан болбосо, анда, Иисус, сен дагы жалгансың.

Ден соолуктун начарланышы жана өлүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1983 жылы Римде рим папа Иоанн Павел II менен жолугушу убагында Тереза эненин жүрөк талмасы кармады. 1989 жылы экинчи жүрөк талмасынан кийин ага жасалма кардиостимулятор коюушту. 1991 Мексикада пневмонияны башынан өткөргөндөн кийин да жүрөк оорунун азабын тартып жүрдү. Тереза эне ырайымдуулук Ордендин жетекчилигинен баш тартууну сунуштады. Бирок ордендин монахинялары жашырын шайлоодо каршы добуштарын беришти.

1996 жылы апрел айында Тереза эне жыгылып акырегин сындырып алат. Ошол эле жылдын август айында ал безгекке чалдыгат, андан тышкары жүрөктүн сол карынчасынын жетишпестигинин азабын тартат. Ал жүрөгүнө операция болуп, бирок ошондо эле анын ден соолугун начарланышы анык болгон. Тереза эне ооруп калганда, өзүнүн бейтапканаларынын ордуна Калифорниядагы заманбап жабдуулар менен камсызлдалган ооруканада дарыланганды чечет. Тереза эне алгачкы жолу жүрөк оорусу менен ооруканага жатканда, Калькуттанын архиепископу Генри Себастьян Д’Сауза попко экзорцизм ырым-жырымдарын кылууну буюрган, анткени ал Тереза эне шайтан коркунучун астында болгонун божомолдогон.

1997 жылынын 13 мартта Тереза эне ырайымдуулук Ордендин жетекчилигинен баш тартты. 1997 жылы 5 сентябрда Тереза эне бул дүнүйөдөн кайткан.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Президент Рейган Тереза энеге Азаттык Медалын берип жатат
  • «Лотос кожоюну» деген индиялык орден (1963)
  • Рим папанын тынчтык үчүн сыйлыгынын биринчи ээси
  • Тынчтык Нобел сыйлыгы (1979)
  • Азаттык Медалы, АКШнын Президенти Роналд Рейгандын колунан алган (1985)
  • Загребдин ардактуу жараны (1990)

ж.б.

Эстелик[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аэропорт
Скопьедеге Тереза эненин эстелиги
  • Албаниянын эң чоң аэропортуна Тереза эненин ысмы берилген
  • 2010 жылы Индияда Тереза энеге арналган 5 рупий монета чыгарылган
  • 2010 жылы 26 августта Тереза эненин жүз жылдыгына карата Индия Темир Жолдору ага арналган “Эне Экспресс” аттуу поезд көрсөтүштү

Тасмалар жана адабият Тереза эне жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Малкольм Маггеридждин Тереза эне жөнүндө 1969 жылы документалдык тасма, 1971 жылы «Something Beautiful for God» аттуу китеп жарык көрдү
  • 1997 жылы Джеральдина Чаплин Тереза энени аткарган көркөм тасма тартылды. “Mother Teresa: In the Name of God's Poor” аттуу тасма. Режиссёр Кевин Коннор. 1998 жылы тасма Кино-искусство Фестивалында сыйлыкка ээ болгон
  • Тереза эненин турмушу 2003 жылкы тасмада чагылдырган: «Калькутталык Тереза эне (Madre Teresa)». Башкы ролун британдык белгилүү аткаруучу Оливия Хасси аткарды. Тасманын режиссёру – италиялык Фабрицио Коста. «Калькутталык Тереза эне» 2007 жылы «CAMIE award» аттуу сыйлыгын алды.