Терек-Кан амфиболит кени

Википедия дан

Терек-Кан амфиболит кениЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Терек-Сай кыштагынан 1 км түштүк-чыгыш тарапта, Чаткал кырка тоосунун түштүк этегинде жайгашкан. Кен протерозой заманында пайда болгон сланецтердин мрамор менен чектешкен жерлеринде амфиболит тоо тегинин катмарынан турат. Катмардын калыңдыгы 4-20 м. Амфиболит кочкул жашыл түстө, ири кристаллдуу. Андан 0,3x0,4x0,5 м өлчөмүндөгү блокторду алууга, майда кооз буюмдарды жасоого жана имараттын дубалдарын каптап кооздоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]