Терек-Кума ойдуңу

Википедия дан

Терек-Кума ойдуңу, Терск-Кума – Кавказ өндүрүнүн чыгышында, Каспий бою ойдуңунун түштүк-батыш бөлүгү. Бийиктиги 100 jure чейин (чыгыш бөлүгү океан деңгээлинен төмөн). Ойдуң 3 бөлүктөн турат: Кума бою түздүгү, Терек-Кума кумдуу массиви, Теректин дельтасы. Таманы Терек, Сулак, Кума дарыяларынын аллювий шилендилери менен капталган. Жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт; дельтасы саздуу. Жайыт катары пайдаланылат. Нефть жана газдын кени бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]