Теңдемден тышкаркы эсеп

Википедия дан

Теңдемден тышкаркы эсеп — ошол ишканага менчик катары тийиштиги жок каражаттарды эсепке алууга багытталган бухгалтердик эсеп (мисалы: ижарага алынган негизги каражаттар; жооптуу сактоого алынган товардык-материалдык баалуулуктар; монтаждоо үчүн кабыл алынган жабдуулар; менчиктештирүү чектери ж. б.).

Эки ирет жазуу усулу менен чагылдырылуучу баланстык эсептен айырмаланып, баланстан тышкаркы эсеп бир гана жолу жазылат. Мисалы: негизги каражаттарды ижарага алууда жазуу ижарага алынган негизги каражаттардын дебетинде гана көрсөтүлөт, аларды ижара берүүчүгө кайтарууда – кредит эсеби боюнча гана жазылат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7