Теңир-Ноор

Википедия дан

Теңир-Ноор"Манас" эпосундагы топоним. Манас баштаган кыргыздар башка түрк уруулары менен чогуу Нескарага каршы жөнөгөндө:

Көкө-Ноор көлү бар,

Губий-Шаму чөлү бар

Теңир-Ноор көлү бар

Текши-Арш деген чөлү бар (Сагымбай Орозбаков, 1. 214) — деп Кытай, Моңголиядагы жер-суу аттары менен чогуу эскерилет. Географиялык реалияда Т.-Н.— Кытай Эл Республикасынын Тибет автоном районунун борбору Лхаса шаарынын түндүк-батышында жайгашкан көл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4