Тилек Кийизбаев

Википедия дан

Кийизбаев Тилек Кычанович (24-февраль, 1997, Бишкек шаары, Чүй облусу, Кыргыз Республикасы — кыргызстандык балет артисти, А. Малдыбаев Атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук академикалык опера жана балет театрынын башкы солисти, сахнанын алдыңкы чебери.

Кийизбаев Тилек Кычанович
Туулган жылы:

24-февраль 1997-жыл

Туулган жери:

Бишкек шаары,Кыргыз Республикасы

Ишмердүүлүгү:

балет артисти, балетмейстер, театр ишмери

Жарандыгы:

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Театр:

Кыргыз улуттук опера жана балет театры

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1997-жылдын 24-февралында Бишкек шаарында, маданий ишмерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Хореография өнөрүн 2010-жылдан тарта, “Таберик” балдар театрында аркалап баштаган. 2008-жылы Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын классикалык бөлүмүнө кабыл алынган. 2012-жылдын ноябрь айында Н. Түгөлов атындагы “Ак Марал” мамлекеттик бий ансамблына солист катары кабыл алынган. Аталган ансамбль менен Россия Федерациясынын Кремль сарайындагы кыргыз маданиятынын жумалыгы сыяктуу, бир нече эл-аралык жана мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга, Кыргыз Республикасынын Эл артисти – М. Асылбашевтин жетекчилигинин алдында катышкан. 2013-жылдын март айында А. Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын балет труппасына кабыл алынып, азыркы учурга чейин үзгүлтүксүз эмгектенип келет. 2016-жылы Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти - Д. Садыркуловтун классын өзгөчөлүк менен ийгиликтүү аяктап, “Балет артисти. Элдик бий ансамблынын артисти” кесибине ээ болгон. Аталган жылдын октябрь айында, А. Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын 73-театралдык сезонунун бет ачаарында, “Чолпон” улуттук балетинин Нурдин ханзааданын ролун чагылдырып, алгачкы ирет башкы балеттик партиясын аткарган. Ошол эле жылы, улуттук балет өнөрүнө кошкон салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына ээ болгон. 2017-жылдын декабрь айында, А. Хачатуряндын “Спартак” аттуу классикалык балетинде башкы каарман – Спартактын образын жаратып, кыргыз балетинин тарыхындагы аталган ролдун эң жаш аткаруучусу деп таанылган. 2017-жылдан тарта, А. Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын сахнасынын алдыңкы чебери, балет солисти даражасында, репертуардык балеттеринде башкы партияларды аткарып келет.

Аткарган партиялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

А. Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынында эмгектенип келген жылдар аралыгында, башкы солисттик, корифейлик жана кордебалеттик партияларынын толук тизмесин аткарып, азыркы учурда Т. Кийизбаевтин аткарып келген репертуары, төмөнкү спектаклдарды камтыйт:

  • «Чолпон» - М. Раухвергер. Башкы партиясы: Нурдин ханзаада. Негизги партиясы: Жин;
  • «Ак Куу көлү» - П. Чайковский. Башкы партиясы: Зигфрид ханзаада, Ротбарт. Негизги партиялары : Па-де-труа, испан бийи;
  • «Жизель» - А. Адан. Башкы партиясы: Альберт графы. Негизги партиясы: Ганс;
  • «Дон Кихот» - Л. Минкус. Башкы партиясы: Базиль. Негизги партиясы: Гамаш;
  • «Щелкунчик» - П. Чайковский. Башкы партиясы: Щелкунчик-ханзаада. Негизги партиялары: Мырзалар квартети, Арап;
  • «Спартак» - А. Хачатурян. Башкы партиясы: Спартак. Негизги партиясы: Патриций;
  • «Бахчисарай фонтаны» - Б.Асафьев. Башкы партиясы: Вацлав. Негизги партиялары: Мырза, Нурали;
  • «Раймонда» - А. Глазунов. Башкы партиясы: Гран-па;
  • «Саманчынын жолу» К. Молдобасанов. Башкы партиясы: Касым. Негизги партиялары: Субанкул, Солдат;
  • «Баядерка» - Л. Минкус. Башкы партиясы: Солор. Негизги партиялары: Кул;
  • «Юнона жана Авось» - А. Рыбников. Башкы партиясы: Рязанов графы;
  • «Корсар» - А. Адан. Башкы партиясы: Конрад;
  • «Шопениана» - Ф. Шопен. Башкы партиясы: Ханзаада;
  • «Зымырыт шаарынын сыйкырчысы” – Т. Кийизбаев. Башкы партиясы: Сыйкырчы;
  • «Олицетворение» модерн-балети - В. Гюго. Башкы партиясы: Күлгөн адам;
  • «Маңкурт» - К. Молдобасанов. Башкы партиясы: Маңкурт;
  • «Анна Павлова» модерн-балети - Ч. Аджибаев. Башкы партиясы: Жаш улан;
  • «На грани» модерн-балети - Ч. Аджибаев. Башкы партиясы: Дос;
  • «Подвижные корни» модерн-балети - Николь Морель. Негизги партия: Тамыр;
  • «Ромео жана Джульетта» модерн-балети - С. Прокофьев. Башкы партиясы: Ромео;
  • «Щелкунчик. 3D» модерн-балети - П. Чайковский. Башкы партиясы: Щелкунчик-ханзаада.

Балетмейстердик ишмердүүлүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2021-жылы К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын өзгөчөлүк менен ийгиликтүү аяктап, “Балетмейстер-режиссеру” кесибине ээ болгон. Балетмейстер катары “Ак Мөөр” улуттук операсынын хреографиясын жана «Зымырыт шаарынын сыйкырчысы” балетин сахналаштырып койгон. 2018-жылдын июнь айында, Чолпон-Ата шаарында өткөн, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөндөр ааламы” аттуу маданий фестивалынын режиссёрунун жардамчысы болуп эмгектенген. 2019-жылдын июнь айында, Бишкек шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында, эл-аралык гала-концертинин режиссерунун жардамчысы катары иштеген. 2019-жылдын июнь айында, Эр-Рияд шаарында өткөн «Nomad universe» аттуу Дүйнөлүк маданий фестивалындагы кыргыз бий труппасынын балетмейстер-режиссеру болуп дайыналган. 2019-жылдын сентябрь айында, Турдакун Усубалиевтин 100-жылдыгына арналган “Турдакун Усубалиев жана көп улуттуу кыргыз калкы” аттуу концертинин режиссерунун жардамчысы катары эмгектенген.

Аткаруучулук жетишкендиктер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Театралдык чыгармачылыгынан тышкары, эл-аралык, регионалдык жана мамлекеттик маанидеги ар-түрдүү деңгээлдеги фестиваль, сынак, гала-концерт сыяктуу иш чараларга жигердүү катышып келет. Тактап айтканда:

  • «Адамзаттын Айтматовы» аттуу Ч. Айтматовдун 90-жылдыгана арналган эл-аралык гала-концертинин чакырылган солисти (Нур-Султан ш., Казакстан Республикасы, 07.2018 ж.)
  • Кыргыз ССРинин Эмгек синирген артисти – Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган “Ыр толкундары” аттуу эл-аралык вокалдык сынактын чакырылган солисти (Чолпон-Ата ш., Кыргыз Республикасы, 01.06.2018 ж.);
  • Россия Федерациясындагы кыргыз маданият күндөрүнүн бийчи солисти (Москва ш., Уфа ш., Казан ш., Россия Федерациясы, 06.2017 ж.);
  • СССР Эл артисти, балет бийчиси – Малика Сабированын жаркын элесине арналган эл-аралык гала-концертинин чакырылган солисти (Дүйшөмбү ш., Тажикстан Республикасы, 22.05.2017 ж.);
  • “Ак-Куу-2016” аттуу хореографиялык окуу жайлардын Экинчи эл-аралык сынагынын “классикалык хореография” номинациясындагы II даражадагы сыйлыгынын жеңүүчүсү (Бишкек ш., Кыргыз Республикасы, 09. 2016 ж.);
  • “Алтын шатты” аттуу Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын студенттеринин Экинчи сынагынын “классикалык хореография” жана “көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” номинацияларынын I даражадагы сыйлыгынын жеңүүчүсү (Бишкек ш., Кыргыз Республикасы, 09. 2016 ж.);
  • “Аваза” аттуу Эл аралык искусство фестивалынын III даражадагы сыйлыгынын лауреаты (Ашхабад ш., Түркмөнстан, 06.2013 ж.);
  • “Ак-Куу-2012” аттуу хореографиялык окуу жайлардын эл-аралык сынагынын “элдик бий” номинациясынын I даражадагы сыйлыгынын жеңүүчүсү (Бишкек ш., Кыргыз Республикасы, 09. 2012 ж.);
  • «Орлеу» аттуу хореографиялык окуу жайлардын эл-аралык сынагынын II даражадагы сыйлыгынын лауреаты (Алматы ш., Казакстан Республикасы, 10. 2011 ж.)

Азыркы учурда, өзү аяктаган Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында педагогикалык ишмердүүлүгүн аркалап келет. “Тилек Кийизбаевтин хореографиялык искусствосунун мектеби” мекемесин жетектеп, мектепке чейинки, мектеп курагындагы, жаш жана пенсиялык курактагы окуучуларга бий өнөрүн үйрөтүп келет. Өзүнүн ишмердүүлүгүн алып баргандан тарта, аталган мекеменин бийчилери Кыргызстандын аймагында жана өлкөдөн тышкары эл-аралык, регионалдык жана мамлекеттик деңгээлдеги ар-түрдүү фестиваль, сынактарга катышып, биринчи жана байге орундарды багындырып келет. 2021-жылдын 19-декабрь күнү, Кыргыз Республикасынын аймагында маданий-агартуу жаатында, классикалык хореографиясын өнүктүрүүчү, Кыргыз Республикасынын “Классикалык хореографиясынын Федерациясы” коомдук бирикмесинин Президенти болуп шайланган. «Prima» аттуу I Республикалык бий фестиваль-сынагынын негиздөөчүсү. 2021-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин Башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Чыгармачылыктан тышкары, жарандык коомдогу жашоонун ар-кандай маанидеги иш-чаралардын активдүү катышуучусу. 2022 жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өткөн I Евразиялык экономикалык форумдун катышуучусу. 2022 жылдын 3-4 июнь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Бухара шаарында өткөн, Түрк мамлекеттер уюмунун IV Жаш лидерлер форумунда, Кыргыз Республикасынын делегаты катары катышкан.