Тиричиликтин пайда болушу

Википедия дан

Тиричиликтин пайда болушу - табият таануудагы негизги маселелердин бири.

Теологдор менен идеалист философтор тиричиликтин башталышы «жогорку интеллекттин», кудайдын чыгармачылык ишинин натыйжасы деп түшүндүрөт. Ал эми материалисттер тиричилик материалдуу жана табияттын жалпы закондорунун негизинде табигый жол менен пайда болгон ден эсептейт.

19-кылымдын аягы - 20-к- дын башында табият таанууда үстөмдүк кылган механикалык материализм организмди машинага окшоштуруу аркылуу тиричиликти таанууга аракеттенгендиктен Тиричиликтин пайда болушун туура чече алган эмес. Ф. Энгельс «Жаратылыш диалектикасында» көргөзгөндөй, диалек.- матер. көз караш гана бул маселени чечүүгө жол ачты.

А. И. Опар индии «Тиричиликтин пайда болушу» деген эмгеги жарыкка чыккандан (1924) кийин гана Тиричиликтин пайда болушу изилдене баштады. Бул эмгекте Тиричиликтин пайда болушу материянын узакка созулган эволюциясынын натыйжасы деген биринчи илимий концепция түзүлгөн.

табият таанууда топтолгон маалыматтарды жыйынтыктап, А. И. Опарин Тиричиликтин пайда болушу жана калыптанышындагы органикалык кошулмалардын, жөнөкөй түзүлүштөрдүн, энергиялык процесс- тердин жана биохим. функциялардын пайда болушун анын андан аркы эволюция мүмкүнчүлүгүн табигый жана тарыхый негизде изилдеген. Бул теория азыркы кездеги Тиричиликтин пайда болушу жөнүндөгү бардык түшүнүктердүн негизи болуп калды.

50 жыл ичинде топтолгон материалдар Жерде Тиричиликтин пайда болушун көмүртектүү кошудмалардын эволюциясынын закон ченемдүү процесси деп кароого мүмкүндүк берди. Жылдыздар аралык чөйрөдө көмүртектүү кошулмалардын бар экенин далилдеген азыркы радиоастрономиялык маалыматтар жана кометалык спектрлер менен метеориттердин хим. составын изилдөө органикалык заттар Тиричиликтин пайда болушунан мурда, ал тургай биздин планета калыптана электе эле болгонун көрсөттү.

Кембрийге чейинки мезгилде лайда болгон тоо тек катмарын хим. жана палеонтологиялык изилдөө, өзгөчө Жер калынтанган алгачкы мезгилдеги шарттарды элестеткен моделдик тажрыйбадар ошол кезде улам татаал органикалык заттардын, о. эле полипептиддер- дин, полинуклеотиддердин кандайча пайда болгонун түшүнүүгө мүмкүндүк берди. Демек, эң жөнөкөй углеводороддордун абиогендик пайда болуусу органикалык материянын өнүгүүсүнүн биринчи баскычы экенинде шек жок. Жердин алгачкы атмосферасы калыбына келтиргич касиетке ээ болгон. Убакыт өткөн сайын атмосферанын составы акырындык менен өзгөрө берген, андагы кычкылтек барган сайын көбөйүп (тиричиликтин алгачкы анаэробдук формасынын калыптануусунун натыйжасында), аба кычкылданткыч касиетке ээ боло баштаган.

Жер 4,5 млрд жыл мурун калыптанса, андагы тиричиликтин биринчи белгилери 2,3 млрд жыл мурда пайда болгон. Демек жер калыптангандан кийин анда узакка тиричилик болгон эмес. Ал мезгил хим. эволюциянын мезгиди деп аталат. Анда татаал органикалык заттарды пайда кылуучу түрдүү хим. өзгөрүулөр журүп турган. Бул органикалык заттар бара-бара органикалык заттардын обочолонгон системалары - пробионттордун, андан кийин тиричилик касиетке ээ болгон протоклеткалар-эң жөнөкөй клеткалардын составдык бөлүктөрү болуп калган. Ушул эң жөнөкөй клетканын калыптанышы менен биол. эволюция башталат.

Тиричиликтин пайда болушудагы заттардын хим. эволюциясы жөнүндөгү түшүнүк бир катар эксперименттер аркылуу далилденди. Алгачкы сууда улам татаалданган органикалык заттардын синтөзи, о. эле алардын ажыроосу, анан кайра жаңы синтези жүрүп турган. Мындай процесстер пробионттордун пайда болушунун бир нече ирет кайталануусуна алып келген. Мындай түшунүк Тиричиликтин пайда болушуна кокустук мүнөздүү деген гипотезаны жокко чыгарат. Бул түшүнүк хим. эволюциянын биол. эволюцияга өтүүсүн түшүнүү үчүн өзгөчө маанилүү.

Органикалык заттардын фазалуу обочолонгон системаларынын - пробионттордун пайда болушунун башка жолдору да болушу мүмкүн. Бирок Тиричиликтин пайда болушунун алдында материянын хим. эволюциясы болгону талашсыз. Узакка созулган эволюциянын жана табигый таидалуунуп натыйжасында пробионттор жогорку баскычтагы системаларга - организмдерге айланды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.