Тициан

Википедия дан

Тициан (өз аты-жөнү Тициано Вечеллио, 1476/77 же 1480, Пьеведи-Кадоре, Венеция – 1576, Венеция) – италян живописчиси, Жогорку жана соңку Кайра жаралуу доорундагы венеция мектебинин ири өкүлү. Ж. Беллини менен Жоржонеден таалим алган. 1510-жылдын орто ченинен Т-дын чыгармачылыгы калыптана баштаган. Т. негизинен Венецияда, ошондой эле Падуяда (1506), Феррарада (1516 жана 1523), Мантуяда (1536–37), Урбинодо (1542-44), Римде (1545-46) жана Аугсбургда (1548 жана 1550–51) эмгектенген. Кийин Венециянын жогорку маданий чөйрөлөрү менен байланышып, Кайра жаралуунун гуманисттик идеяларын өз чыгармаларында ишке ашырган: “Бул дүйнө менен аркы дүйнө махабаты” (1515–16, Рим, Боргезе галереясы), “Кол капчан өспүрүм” (1520, Париж, Лувр), “Вакх менен Ариадна” (1523, Лондон, Улуттук галереясы) жана башка Т. бир катар мифтик композицияларды жараткан. Алар: “Марияны көкөлөтүү” (1516–18, Венеция, Санта-Мария, Глориоза деи Фрари чиркөөсү), “Храмга киргизүү” (1534–38; Венеция, Академия галереясы) жана башка Анын чыгармалары композициялык курулушу жактан динамикалуулугу, түстөрүнүн жеткиликтүү териштирилиши менен айырмаланат. Т. 1540-жылдан негизинен портрет жанрында эмгектенип, адамдардын терең психологиялык абалын жана өз ара мамилелерин ачкан. Мисалы, адамдын чөйрө менен болгон кагылышы “Пьетро Аретино” (1545, Флоренция, Палатина галереясы), “Папа Павел III Алессандро жана Оттавио Фарнезе менен” (1545–46, Неаполь, Улуттук музей жана Каподимонте галереясы), “Карл V” (1548, Мюнхен, эски пинакотека) жана башка XVI кылымдын ортосунан Т-дын чыгармачылыгында мифологиялык жана диний тема (“Автопортрет”, Прадо; “Лавиния”, Берлиндеги музей, экөө тең 1560-жылдар) басымдуулук кылган. Т. өзүнүн бүтүндөй чыгармачылык жолунда гуманизм идеалына, акылдын жеңишине ишеними сакталып калган. Айрым эмгектери дүйнөлүк сүрөт искусствосунун ири жетишкендиктеринин бири болуу менен өзүнөн кийинки сүрөтчүлөрдөн чыгармаларына зор таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]