Токотой

Википедия дан

Токотой, Токотай — кырк чоронун бири. Топ башы. Чоролордун катарында саналып, эпостогу жөн-жай турмуштук окуяларга, согуштарга катышат. Т-дун тору аты Алмамбетти тосуп алганда кан түшкөндөгү ат чабышта сегизинчи, Алмамбеттин келген урматына берилген тойдогу ат чабышта онунчу болуп келет. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты жетинчи келген Т. тагдырына буюрган Бурунаска үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2.150, 327, 341, 419, 423, 49, 172; 4. 43, 177, 352).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4