Токтомушев, Марс

Википедия дан

Токтомушев, Марс (1937, Ысык-Көл району, Аненьево айылы) — кыргыз котормочусу. Москвадагы Горький атындагы адабий институтту бүткөн (1968). Негизинен көркөм адабий чыгармаларды которот. Ал Москвадан Чыгыш адабияты башкы редакциясында даярдалып "СССР элдеринин эпостору" сериясы менен "Манас" эпосунун орусча которулушуна катышып, эпостун "Алмамбеттин окуясы", "Көзкамандар окуясы", "Манастын Каныкейге үйлөнүшү", "Кошойдун окуясы", "Дөө-пери жомогу", "Кичи казат" жана башкалар бөлүмдөрүн (80 миң сап) сапма-сап которгон. Т. азыркы учурда А. Жакыпбеков менен К. Жусуповдун кара сөзгө айланткан "Манас" эпосун орусчага которуунун үстүндө эмгектенүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4