Токтош Акматова

Википедия дан

Акматова Токтош (1910-ж. т., Кочкор району, Алтын-Булак айылы) — Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1963—67).
1931—33-ж. советтик, партиялык мектепте окуган, 1934—1935-ж. комсомолдун Ысык-Көл райкомунда иштеген.
1936-ж. бир жылдык укук мектебин бүткөн. Чүй районунда эл соту, Куршаб, Чаткал, Жалал-Абадда эл соту, 1944—49-ж. Кыргызстан КП Нарын райкомунун катчысы, Тянь-Шань обкомунун бөлүм башчысы, 1957-жылдан Токмок шаардык аткомунун төрагасы болуп иштеген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.