Томография

Википедия дан
Томографка түшүү

Томография (байыркы грек тилинен τομή — кесик) — изилденүүчү органдын белгилүү катмарын сүрөткө тартууга мүмкүндүк берген рентгендик изилдөө ыкмасы.
Рентгеноскопия, рентгенографияда объекттин экранга жакын жери даана, алысыраак жери начар көрүнөт. Мында рентгенографияда байкалбаган өпкөдөгү айрым сезгенүүлөр даана. аныкталат.
Томография атайын аппараттын — томографтын жардамы менен жүргүзүлөт. Томография кекиртек, бронх, кан тамырларды, бөйрөк үстүндөгү бездин шишигин, бөйрөк, өт жолдорундагы ташты, өпкөнү, карынды, сөөктөрдү изилдөөдө кеңири колдонулат.
Томографияны флюорография менен айкалыштырып изилдөө томофлюорография деп аталат; калкты массалык текшерүүдө колдонулат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8