Тоолуу Кыргыз Облусу

Википедия дан

Тоолуу Кыргыз Облусу — бул Сырдарыя облусундагы жана Жетисуу аймагындагы жашаган кыргыздарга өзэркин облус түзүү долбоору. Маданий-мамлекеттик бөлүштүрүү жөнүндөгү иш-чара; Орто Азияны улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүү боюнча алгачкы кадамдардын бири.

Төңкөрүлүштөн кийин окуялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын түзүлүшүнө негизинен 1917-жылдагы Октябрь революдиясы жана бийликке келген большевиктер дартиясынын мурунку Россия имдериясынын карамагындагы элдерге өз алдынча мамлекет түзүүгө укук берүү тууралуу убадасы себед болгон. Мис., 1917-ж. 3 (16)-декабрдагы украин элине карата жазылган В. И. Лениндин манифестинде Украина Республикасынын Россиядан бөлүнүп чыгуу же федерациялык негизде анын курамына кирүү укугу бериле турганы өзгөчө белгилеген. Ал эми 1920-ж. РКП(б)нын чукул арадагы милдеттери боюнча маселе талкууланыд жатканда В. И. Ленин Түркстан комиссиясына «1) Узбекия (өзбектер), Киргизия (казактар), Туркменияны (түркмөндөр) бөлүштүрүү менен Түркстандын картасын (этногр. ж. б.) түзүү; 2) Бул 3 бөлүктү бириктирүү же бөлүштүрүү үчүн алардын шартын терең талдоо» долбоорун сунуштаган. Натыйжада Жети-Суу, Сыр-Дарыя областында жашаган элдер өз алдынча мамлекет курууга умтула баштаган. 1922-ж. жазында А. Сыдыков, Ж. Абдракманов башында турган кыргыздын алдынкы интеллигенттери автономиялык негизде РСФСРдии курамындагы өз алдынча кыргыз мамлекетин куруу долбоорун иштел чыккан. Чүйдө башка улуттардын көбөйүл кетиши же кыргыздардын моноулуттуулугун сактал калуу үчүн жаңы автономиялык түзүлүштүн борборун Кочкор кыштагына көчүрүү сунушталган. Адегенде РКП(б) БК бул демилгени колдоого алыл, Уюштуруу к-тин түзүүгө уруксат берген. 1922-ж. 25-мартта Түркстан КП БКнын секретариаты Түркстан Ресд-нын курамында Тоолуу Кыргыз областын түзүү тууралуу токтом кабыл алган. 26-мартта Түрк БАКтын Президиуму Пишдек, Каракол, Нарын уезддери жана Олуя-Ата уездинин тоолуу районунан турул, борбору Кочкор кыш. болгон Тоолуу КараКыргыз областын түзүү тууралуу Түркстан КП БКнын токтомун бекиткен. Алрель айында Түркстан КП Жети-Суу облаткому Түркстан АССРинин курамында Тоолуу Кыргыз областын түзүү үчүн уюштуруу к-тин түзгөн. Тоолуу Кыргыз облусун түзүү боюнча Уюштуруу съезди 1922-ж. 1-июнда башталыл, 3-июнда Тоолуу Кыргыз областы түзүлгөнү мыйзам жүзүндө бекитилген. Бирок, жаңы түзүлгөн облустун кайсы адм. бирдиктин курамына кириши тууралуу маселе боюнча катуу талаш башталыл, бири-бирине карама-каршы келген эки дикир лайда болгон. Р. Кудайкуловдун тобу казактардын, А. Сыдыков жана Ж. Абдыракманов тарабындагылар РСФСРдин курамына кирүүнү колдол чыккан. Мындай абалда Р. Кудайкулов И. Сталинге кат жолдол, Тоолуу Кыргыз областы буржуазиячыл-улутчул негизде түзүлүд жатканын, анын демилгечилеринин бири - А. Сыдыков бай-маналтын тукуму экенин билдирген. Анын негизинде И. Сталин Уюштуруу съездинин ишин токтотуу тууралуу шашылыш телеграмма жиберген. Натыйжада Тоолуу Кыргыз областын куруу долбоору токтотулуд, днын демилгечилери А. Сыдыков, К. Тыныстанов, И. Арабаев, И. Айдарбековго ж. б. «улутчулдар», «данисламисттер» деген күнөө тагылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4