Тоолуу облус түзүү, долбоор

Википедия дан

«Тоолуу облус түзүү » долбоору – улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүү жөнүндөгү иш-чара. 1920-жылдан Жетисуу, Сырдарыя облустарында жашаган кыргыздардын өз алдынча мамлекеттүүлүгүн орнотуу үчүн аракеттер күчөйт. Рахманкул Кудайкулов башында турган айрым адамдар бул облустарда жашаган кыргыздардын Казакстандын курамындагы автономияга биригүүсүн жактап чыгышкан. Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдракманов башында турган кыргыздын алдыңкы интеллигенттери Кыргыз мамлекетин, башка автономиялык түзүлүштөрдөн бөлүнүп, өз алдынча автономиялык негизде калыбына келтирүү үчүн күрөшкө чыгышкан. 1922-ж. жазында алар Тоолуу Кыргыз облусун түзүү, РСФСРдин курамына түз кошулуу демилгелери менен чыгышкан. Алгач анын борбору катары Кочкор кыштагын тандоо сунуштары да айтылган. Мындай демилгелери менен алар көбүнесе европалыктар ээлеп калган Бишкектен обочо болууну жана автономиянын борбору кыргыздар жашаган жердин чордонунан орун алыш керек деген ойлорун билдиришкен. Алгачкы маалда РКП(б) БК демилгени колдоого алып, уруксат берген. Тоолуу Кыргыз облусун түзүү боюнча уюштуруу курултайы 1922-ж. 1-июнда башталып, 3-июнда Тоолуу Кыргыз облусу мыйзамдуу түрдө түзүлгөн. Бул күн Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн Совет доорунда калыбына келтирилген алгачкы иш-чарасынын күнү катары тарыхтан орун алган. Бирок, Р. Кудайкулов ж. б. И.Сталинге кат жазышып, анда Тоолуу Кыргыз облусу буржуазиячыл-улутчул түзүлүш катары көрсөтүлөт. Жетисуу облусу боюнча большевиктик өкүл Забировдун 1922-ж. 1-июнда Борборго жиберген кабарында: «Экономикалык жаңы саясаттын шарттарында манаптын уулу болгон жана падышанын маалында алтын погон тагынып жүргөн Абдыкерим Сыдыков деген неме Ташкенде өзү түзүп алган Кара Кыргыздардын өзүнчө Тоолуу облусу дегендин долбоорун алып келди. Бул долбоордун айынан калайыктын ышкысы кайнап, бейкут турмуш бузулду…» деген айгак сөздөр болгон. Оппозициячыл тараптын саясий каралоолорунун негизинде расмий Москва чукул чараларды көрүүгө ашыккан. Натыйжада өз алдынчалыгы автономиялык деңгээлде калыбына келтирилген алгачкы кыргыз совет мамлекеттүүлүгү – Тоолуу Кыргыз облусу И.Сталиндин жиберген шашылыш телеграммасынын негизинде кайра жоюлган. Анын жетекчилери жана демилгечилери А. Сыдыков, К.Тыныстанов, И. Арабаев, И. Айдарбеков ж. б. адамдар «улутчулдар», «панисламисттер » деп айыпталган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.