Топон суу

Википедия дан

Топон суу (арабча туфан-ташкын, бороон) — кудайдын каары менен жер жүзүн суу каптайт деген диний мифтик ишеним; дүйнө жүзүн каптаган сел, суу ташкыны. Миф боюнча жер жүзүн Т. с. каптап, жан-жаныбарлардын бардыгы кырылган. Ошондо Ной пайгамбар зор кеме жасап, ага адам, жаныбарлардан экиден, өсүмдүктөрдүн уруктарын салып тукум сактап калган. Курандагы Т. с. жөнүндөгү уламыш Тоораттан алынган. Ал эми Тоорат аны байыркы Ассирия уламыштарынан алган. "Манас" эпосунда кытайлардын эпикалык борбору Бээжинди адам эмес Т. с. да алалбайт деген салыштыруу менен айтылат. Бээжин жөнүндө: "Топон суу тийбес Бээжинге" (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 162), "Топон суу жүрсө тоздобос" (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 268) деген маалыматтар учурайт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Курандан алынган уламыш боюнча Т. с. жөнүндө маалыматтар берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4