Топурак анализдөө

Википедия дан

Топурак анализдөө — топурактын курамын жана касиеттерин лабор. жол менен аныктоо.

Шексиз маалыматтарды алууда талаадан топурак үлгүлөрүн туура алуу жана аларды кургак абалда сактоо чоң мааниге ээ. Топурактын генезисин изилдөөдө профилдин ар бир горизонтунан; ал эми топурактын агрохимиялык касиеттерин изилдөөдө талаанын бир нече бөлүгүнөн алынган үлгүлөрдүн анализи жүргүзүлөт. Топурак гранулометриялык, химиялык, минерал. жана микробиологиялык анализдер аркылуу изилденет. Бул анализдердин натыйжасында топурак карталары, агрохимиялык картограммалар түзүлөт. Гранулометриялык анализде (топурактын механикалык курамын аныктоо) - топурактагы ар түрдүү бөлүкчөлөрдүн (таш, гравий, кум, чаң, тунма жана коллоиддер) саны аныкталат. Хим. анализ топурактын химиялык курамын жана касиеттерин, андагы элементтердин (С, N, Si, Al, Fe, Са, Mg, Р, S, К, Na ж. б.), сууда эрүүчү туздардын - сульфат, хлорид, кальций, магний, натрий карбонаттарынын камтылышын, топурактын сиңирүү жөндөмдүүлүгүн, өсүмдүктөрдүн азот, фосфор, калий кошулмаларын жана микроэлементтерди сиңирүү санын, топурактардын жер семирткичтерге болгон муктаждыгын, топурактын органикалык заттарынын фракциялык курамын ж. б. сапаттарын аныктайт. Топуракта минералдардын камтылышын минерал. анализ аныктайт. Микробиологиялык анализ топурактын микрофлорасынын сандык жана сапаттык курамын аныктап, топурактын биологиялык активдүүлүгүн, биохимиялык касиеттерин мүнөздөйт (к. Топурактын агрономиялык мунөздөмөсу).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4