Тордомо челдин колбочкалары

Википедия дан
кумганча клетка.

Тордомо челдин колбочкалары, тордомо челдин кумганчалары (лат. coni) - көргөзгүч клеткалардын бир түрү. Омурткалууларда тордомо челдин фоторецепторлору же кумганча клеткалары, күндүз көрүүгө жана (көпчүлүк түрлөрдө) түстүү көрүүнү камсыз кылышат. Тордомо челдин пигменттик катмарына караган жоонойгон сырткы рецептордук өсүндүсү клеткага кумгандын формасын берип турат (ошондуктан анын атынын келип чыгышы). Көпчүлүк кескелдириктердин, жыландардын, таш бакалардын, канаттуулардын , суурлардын көзүнүн тордомо челдери толугу менен Т. ч. к-нан турат. Адамдын жана көпчүлүк күндүзгү жаныбарлардын Т. ч. к. тордомо челдин ортосунда жайгашкан. Мисалы, адамдын тордомо челинде баардыгы болуп 6,5-7 млн. Т. к. бар. Филогенез боюнча таякчалар Т. ч. к. келип чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]