Торучаар
Көрүнүш
Торучаар — Манастын Аккулага чейинки минген аты. Саякбай Каралаевдин варианты варианты боюнча Манас төрөлгөн күнү Жакыптын жылкысынын ичиндеги Кула бээден туулган кулун. Ал жерге түшкөндө эле баатырга ылайык тулпардык сыны көзгө урунат:
Жерди чапчып Торучаар
Таптап турган кези экен,
Энесинин үстүнөн,
Ары-бери түйүлүп,
Аттап турган кези экен (Саякбай Каралаев, 1. 54).
Ошондон баштап Т. Манаска далай кызмат өтөйт. Он эки жашар Манас Т-ды минип кытайдын Кочку баштаган жети жүз колу менен беттешет. Т-дын күлүктүгү аркасында жаш Манас нечен курдай өлүмдөн кутулат. Манастын кытай менен болгон экинчи урушунда Каражой аттуу мерген колдуу окко учат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4