Тору-Айгыр жарым аралы

Википедия дан

Тору-Айгыр жарым аралы - Ысык-Көлдүн Балыкчы булуңунун түн. жээгинде.

Тору-Айгыр суусунун аллювий-пролювий шилендисинин уландысы. Көлгө 2,6 км кирип жатат. Жээги булуң-буйткалуу. Торайгыр суусунун чатынан чыгышыраактан баштап аккумуляциялык тегиз жээк башталат. Жарым аралдын тумшук жагында голоценде пайда болгон (туурасы 0,8 км) кашаттар бар. Чыгыш жээгинде таманы ылайлуу; жайында жакшы жылыган бухта м-н бүтөт. Ал жердеги суунун тереңдиги 7 м. Бухта кеме токтоого ыңгайлуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2