Транзициялар (биология)

Википедия дан
Транзиция.

Транзициялар (лат. transitio - өтүү, көчүрүү) - нуклеин к-таларынын молекуласында азоттук негиздердин алмашуусу менен шартталган мутациялар. Т-да бир пуриндик негиз (аденин гуанин менен же тескерисинче) же бир пиримидиндик негиз экинчиси менен (тимин цитозин менен же тескерисинче) алмашат. Транверсиялардан айырмаланып Т-ды кээде жөн эле алмашуулар деп аташат, себеби бул учурда нуклеин к-тасынын эки тизмектүү молекуласынын мутанттык сайтында пурин-пиримидин багыттуулуктары өзгөрбөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]