Трельч, Эрнст

Википедия дан
Эрнст Трельч.

Трельч, Эрнст (нем. Ernst Troeltsch, 1865–1923) – немец протестанттык теолог, философ, социолог жана диний тарыхчы. Трельчтин диний философиялык көз караштары либералдык протестантизмдин багытында калыптанган. Ал Европалык маданияттын өнүгүшү менен байланышкан христианчылыктын эволюциясын анализдеген теологиянын тарыхый методун иштеп чыгууга аракет кылган. Анын негизги эмгеги христиандык чиркөөлөрдүн жана топтордун социалдык окуусу деп аталат. Трельч диний топтордун (чиркөө, секта, мистикалык коом) типологиясын түзгөн. Ал өмүрүнүн акырында философия багытында көп эмгектенген. Тарыхый процесстин кайталанбастыгын баса белгилеген. Ал эми этикада неокантианчылыктын персонализмге эволюциялаштырган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]