Трематодоздор

Википедия дан

Трематодоздор - кишинин жана малдын трематодалар пайда кылуучу гельминтоздору.

Кишиде оору козгогуч боордо, уйку безинде, ичегиде, өпкөдө, канда мителейт. Суу жана тамак-аш аркылуу адамга жугат. Трематодоздордон описторхоз көбүнчө Батыш Сибирде, парагонимоз жана метагонимоз Трематодоздор Чыгышта, пистосомоз тропик өлкөлөрдө кездешет. Дарылоо ар бир ооруга өзүнчө жүргүзүлөт.

Профилактика - тышкы чөйрөнү таза кармоо, жеке гигиена эрежелерин тутуу, балыкты, чаянды жакшы бышыруу. Малдагы Трематодоздор бардык органдарда мителейт. Дарт жапайы айбандарда кездешет. Бардык жерде жолугат. Төлдүн бою өспөйт, эттин сапаты начарлайт, дартка чалдыккан органдар (боор, өпкө) тамак-ашка колдонулбайт. Мал чарбасына көбүнчө койдун жана уйдун фасдиолёзу, дикроцелиозу, чочконун этинохазмозу, кепшөөчүлөрдүн парамфистоматидозу, тооктун простогонимозу, куштардын эхиноостоматидозу экономикалык зыян келтирет. Дарт белгиси организмде митенин жайгашкан жерине жараша болот. Дарылоо: гельминтке каршы колдонулуучу препараттар. Профилактика: моллюскаларды жок кылуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.