Мазмунга өтүү

Троя (тасма)

Википедия — ачык энциклопедия
Троя (тасма)
РежиссеруВолфганг Питерсен
ПродюсерВолфганг Питерсен
Диана Расбан
Колин Уилсон
СценарийиДэвид Бениофф
ОператоруРожер Пратт
НегизиндеИлиада
автору: Гомер
ТартылгандарБрэд Питт
Эрик Бана
Орландо Блум
Роуз Бирн
Диана Крүгер
МузыкасыЖеймс Хорнер
РедакторуПитер Хонесс
СтудияWarner Bros. Pictures, Helena Productions, Latina Pictures, Radiant Productions, Plan B Entertainment, Nimar Studios
ЖайылтуучуWarner Bros. Pictures
Чыккан жылы
  • май 14, 2004 (2004-05-14)
Узактыгы162 мүн.
196 мүн. ( Режиссердук версия)
Өлкөсү Мальта
 Улуу Британия
АКШ
ТилиАнглис
Бюджети$175.000.000
Киреше$497.409.852[1]

"Троя" (англ. Troy)- 2004-жылы Дэвид Бениофф жазган, Волфган Питерсен тарткан эпикалык согуш тасмасы. Тасмага Брэд Питт, Эрик Бана, Орландо Блум ж.б. тартылышкан. Тасма Гомердин "Илиадасын" негиз кылып алганы менен он жылдап созулган Троя согушун - Ахиллес менен Агамемнон экөөнүн ортосунда бүтпөгөн урушту эки жумадан ашпаган убакытка батырган. Ахиллес Мирмидондордун грек армиясы менен кошо Гектордун Троя аскерлеринин коргооосунда турган тарыхый Троя шаарына кол салат. Илиаданын аягы Гектордун өлүмү менен бүткөндүктөн, тасманын аягы "Илиаданы" негиз кылып албастан Вергилиянын "Энеидасына" таянат.

"Троя" АКШдан сырткары аймактарда киреше бөлүгүнүн 73 пайыздан ашыгын тапкан. Тасма 497 млн доллар киреше алып келүү менен эң көп сатылган жана дайыма хит болуп турган тасмалардын 60-орунунан түшпөй турган. "Троя" 2004-жылдын 8-орундагы эң көлөмдүү тасмасы деп табылган.

Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Troy (2004). Box Office Mojo. Retrieved 2010-12-03.