Тубай

Википедия дан

Тубай— "Мажму ат-таварихтеги " кейипкер. Калмактар тарабына өтүп, алардын динине кирген Т. (жете уруусунан) деген адамга калмак каны Жолой өзүнүн кыздарынын бирин берет. Манасты ууландырып өлтүрүп келгенге Т-га беш калмактын тилин кесип байлап берип Манаска жиберет. Туткундан бошонуп келдим деп Т. Манасты ишендирет. Манастын алдында өзүн актап ишендириш үчүн беш калмактын башын алып салат. Манастын ишенимине киргенден кийин агасы Карнас (Карунас) даярдап келген тамакка Т. билгизбей уу салып коёт. Манас ууланып өлө турган болот. Карнас бул ишти кылган Т. экенин кыйнап сурап билет да, аны асып өлтүрөт. Ууланган Манасты Сейид Желал-ад-Дин шайык дарылап айыктырат.

Манастын ички чыккынчы душман Т. тарабынан ууландырылышы жана анын ар түрдүү магиялык каражаттар аркылуу сакайышы, душмандын жок кылынышы жөнүндөгү мотив кийинки В. В. Радлов жазып алган эпостун текстинде, ошондой эле Совет бийлигинин мезгилинде жазып алынган негизги варианттарда "Көзкамандар окуясы" аркылуу берилген. Бул салттык окуянын каармандары (Көзкаман, Көкчөкөз жана башкалар) Манастын калмакташып кеткен жакын туугандары катары айтылат, к. Көзкамандар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4