Мазмунга өтүү

Тубу (эл)

Википедия дан

Тубу (тиббу, теда) — Борбордук Сахарадагы эл. Алар Тибести тайпак тоосунун аймагында жана ага жакын аймактарында жашашат. Саны 1,3 млн адам, анын ичинде 1,1 млн жакын Чадда (түндүк-батышта), калгандары Нигерде (түндүк-чыгышта), Ливияда (түштүктө) жана Суданда (түндүк-батышта). Эки субэтникалык топко бөлүнүшөт: теда (түндүктө) жана даза (түштүктө).

Тил[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Теда жана даза субэтностор сахара уясына кирген теда жана даза тилдеринде сүйлөшөт.

Ишенимдер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ишенгендер мусулмандар. Исламга чейинки элементтер сакталып калган.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тубу жөнүндө биринчи эскерүүлөр 8-9-кылымдарда араб тилдүү булактарда кездешет. Тубу эли 8-14 кылымдарда Канем империясынын курамында болгон. 19-кылымдын аягында жайылган сенуситтердин суфий орденинин таасири Тибести аймагынын исламдашуусуна өбөлгө түзгөн. 1914-жылы Тибести аймагын француздар басып алышкан.

Мамлекеттик төңкөрүштөр жана куралдуу кагылышуулар элдин өнүгүүсүнө тоскоол болууда.

Экономика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тубу — жарым көчмөн малчылар (теда төө кармашат, даза — ири мүйүздүү мал). Дыйкандар буудай, арпа, таруу, буурчак, тамеки, пахта вади нугуна эгишет. Сугат үчүн убактылуу суу агымдары колдонулат.

Туз өндүрүү. Жыйноочулук (жапайы жемиштерди чогултуу) жана аңчылык.

Кол өнөрчүлүктөрдөн токуучулук, темир устачылык, булгаары иштетүү, зергерчилик өнүккөн. Базарларда мал, туз жана тамеки сатышыт.

Турак жай[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Турак жайы тегерек, чопо же таштан саман менен жабылган, көчмөндөрдө көчмө, килем, кийиз же тери менен жабылган. Кээ бирлер пальма жалбырактары менен жабылган жыгач алачыктарда (ферринг) жашашат.

Тамак-аш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Финик, таруу, кокос соусу, жүгөрү майы. чөп жана тамыр чайлары. Этти аз жешет.

Коом[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коом ак сөөк (м'банг), эркин (н'гар) жана көз каранды (бере) бөлүнөт. Мурда келип чыгышы жана кесиптери боюнча касталык бөлүнүүлөр болгон. Коомдук уюмдун негизинде патронимиялар жана көп үй-бүлөлүк жамааттар. Көп аялдуулук практикаланат, бирок көпчүлүк моногамдык үй-бүлөлөр. Кландарга кудуктар, жайыттар, кичинекей оазистер таандык. Тибести аймагында жашаган уруулар шайланган башчы (дерде) жана кеңеш (нгарта) тарабынан башкарылат.
Тубу аялдары эркектер менен бирдей укуктарга ээ. Алар жамааттын иштерине кийлигишишет. Аялдар бейтааныш эркектерден коргонуу үчүн бычак же курчутулган мүйүз алып жүрүшөт.

Өзгөчөлүктөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Организмдин өзгөчөлүктөрү +55° чейин ысыкка чыдоого мүмкүндүк берет. Тубунун жашоо узактыгы коңшу элдерге караганда жогору.

Генетика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Y-хромосомалык гаплогруппалар:

R1b — 34%
T1a — 31%
J — 1%

Мындан тышкары, тубу элинде неандерталдык гендер (0,5%) аныкталган. Неандертал гендеринин жогорку концетрациясы Европа жана Алдыңкы Азия калкына мүнөздүү. Евразиялык гаплогруппалардын жана неандерталдык гендердин болушу тубу элинин Евразиядан келип чыгышын көрсөтөт.

Белгилүү инсандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Хиссени Хабро — Чаддын президенти (1982-1990).
  • Гукуни Уэддей — Чаддын президенти (1979-1982).

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]