Тукумсуздук

Википедия дан

Тукумсуздук — жетилген организмдин тукум калтырууга жөндөмсүздүгү.

Себеп[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизинен организмдин патологиялык бузулууларынан келип чыгат.

Эркектердин тукумсуздугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эркектин тукумсуз болушуна жыныс мүчөлөрүнүн тубаса жетилбестиги, сезгенүү процесстери, эндокрин системасынын бузулуулары себеп болот (Орхит, Эпидидимит). Эркектердин спермасында сперматозоиддер такыр жок же алар уруктанууга жөндөмсүз болушат.

Аялдардын тукмсуздугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдардын тукумсуздугу жатын жана анын кошумчаларынын сезгенүү оорулары (мисалы, аборттон кийин пайда болгон аднексит, ошондой эле сүзөк менен ооругандан кийин), жыныс органдарынын кургак учугу, ички секреция бездеринин функциясынын бузулуулары, жугуштуу оорулардын натыйжасынан пайда болгон борбордук нерв системасынын бузулуулары (өзгөчө жыныстык жетилүү мезгилинде) жана инфантилизм менен байланыштуу. Ошондой эле сезгенүү процессинин натыйжасында жатын түтүгүнүн жылчыгы бүтөлүп калып, ал сперматозоид менен жумуртка клеткасынын жолугуусуна тоскоол болот же уруктанган жумуртка клеткасы жатынга жылып жете албайт. Анда ал клетка өлөт же жатын түтүгүндө орун алат (Жатындан тышкары бойго бүтүү). Жумуртка клеткалары энелик безден жетилип чыккандан кийин гана уруктанууга жөндөмдүү. Энелик бездин функциясы бузулуп, жумуртка клеткасы энелик безден чыкпай калганда этек кир цикли, аны менен бирге жатын түтүгүнүн жыйрылышы жана жатындын былжыр челинин нормалдуу өсүшүн жөнгө салуучу энелик бездин жыныс гормондорунун (фолликулун жана прогестерон) чыгышы да бузулат (Этек кир). Инфантилизмде жетилбеген жатындын былжыр чели абдан жука болуп, энелик бездин таасирин анча сезбегендиктен уруктанган жумуртканы кабыл алууга жөндөмсүз. Эгерде инфантилизмде бойго бүтүп калса, аны түшүрүүгө аракеттенүү жарабайт, себеби анда энелик бездин функциясы бузулат, жатындын былжыр челинде тырыктар пайда болуп такыр төрөбөй калат.

Фаллопиялык түтүк физиологиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жатыр же фаллопиялык түтүктөр - бул жумуртканы сперматозоид менен уруктандыруу үчүн кызмат кылган аялдын репродуктивдүү тутумунун жупташкан органдары, ошондой эле ал аркылуу жумуртка энелик безден жатынга өтөт.[1]

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тукумсуздукту эрте дарылоо керек, себеби аялдарда дарылоо канчалык эрте башталса натыйжа ошончо-жакшы болот. Сезгенүү процесстери менен байланыштуу тукумсуздукта физиотерапия, курорттук дарылоо кеңири колдонулат. Кээде жатын түтүгүнүн өткөргүчтүгү хирургиялык жол менен калыбына келтирилет. Тукумсуздукту алдын алууда жыныс системасынын сезгенүү ооруларын өз убактысында дарылоо, аборт (өзгөчө криминалдуу) жасатпоо, өздүк гигиенаны, жыныс гигиенасын сактоо зарыл. Өтө семиргенде, жыныстык өөрчүү кечиккенде врачка кайрылуу керек.

Жазуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Тукумсуздук түтүкчөсү.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8