Тургунбаев Ойрот
Тургунбаев Ойрот 1934-жылы Сузак районунун Сафаровка айылында туулган.
- 1959-жылы Кыргыз Мамлекеттик медицина институтун, 1964-жылы аспиратураны бүтүргөн.
- Эмгек жолун 1959-жылы аймактык медицина институтунда, илимий кызматкер болуп иштеп баштаган.
- Андан кийин, ушул эле институтта окумуштуу-секретарь болгон.
- 1965-1979-жылдары профсоюздардын курортторунун республикалык башкармасынын төрагасынын орун басары, төрагасы, Кыргызстан КП БКнын сектор башчысы, аймактык сактоо министринин биринчи орун басары, 1979-1988-жылдары Кыргыз ССР Саламаттыкты сактоо министри болгон.
- Андан кийин Афганистан Республикасынын өкмөтүндө кеңешчи-консультант болуп иштеген.
- Медицина илимдеринин кандидаты.
- 1979-1990-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган.
- Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3