Турдаков, Фёдор Алексеевич

Википедия дан

Турдаков Фёдор Алексеевич (1899, Мордва АССРи — 1968, Бишкек) — зоолог, биология илимдеринин доктору (1948), профессор (1950), Кыргызстан ИАнын корреспондент мүчөсү (1964). Кыргыз педагогикалык институтунда (1951-жылдан КМУ) зоология кафедрасын жетектеген.

СССР ИАнын кыргыз филиалында (1954-жылдан Кыргыз ССР ИАсы) ихтиология жана гидробиология лабораториясын түзүүнүн демилгечиси. Өмүрүнүн акырына чейин ал лабораторияны жетектеген.

1938-ж. жана 1942-ж. Турдаковдун жетекчилиги менен Нарын дарыясынын баш жагына, 1948— 50-ж. Ысык-Көлдүн алабына экспедициялар уюштурулган.

Турдаков 80ге жакын илимий эмгектин автору; алар жаныбарлардын систематикасына, эмбриологиясына, экологиясына, зоогеографияга, көбүнчө Кыргызстандын балыктарынын түрдүү составын аныктоого арналган. Ысык-Көлдө балык чарба промыселин реконструкциялоо, ошондой эле көлмө балыкчылыгын уюштуруу боюнча изилдөө иштерин жүргүзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.