Турдугулов Жусупбек

Википедия дан

Турдугулов Жусупбек (1919, Суусамыр өрөөнү - 2005, Суусамыр кыштагы) - согуштун жана эмгектин ардагери.

Улуу Ата Мекендик согуштан 1946-ж. кайткан.

Армияга 1939-ж. чакырылып, фашисттик Германияга каршы Украина фронтунда согушкан.

Ал «Кавказды коргогондугу үчүн», «1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн» медалдары менен сыйланган. Согуштан кийин колхозчу жана соода мекемесинде ар кандай жумуштарды аркалаган. Темиржан уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9