Турнабай

Википедия дан

Турнабай, дүрбү — алыскы нерселерди көз менен карап байкоого мүмкүндүк берүүчү оптикалык курал.

Бири бири менен бириктирилген жарыш кеткен эки көрүү түтүгүнөн турат. Турнабайдын оптикалык системасын эки линза - жыйноочу объектив жана окуляр түзөт. Анын чоңойтуусу, көрүү талаасынын бурчу, ажыратуу жөндөмдүүлүгү негизги мүнөздөмөлөрү болуп эсептелет. Чоңойтуусу боюнча кичине, орто, ири чоңойтуучу Турнабайларга бөлүнөт. Көрүү түтүктөрү Кеплер түтүгүндөй Турнабайда окуляр да жыйноочу система болуп саналат жана ал берген сүрөттөлүш тескери болот. Түз сүрөттөлүштү алуу үчүн объектив менен окулярдын арасына айландыруучу системаны, мис., Малофеев-Порронун 1-түрдөгү призмалар системасын орнотушат. Ал чагылдыруучу эки граны өз ара 90° бурч түзгөндөй абалда жайгаштырылган тик бурчтуу эки айнек призмадан турат. Мындай система куралдын жалпы узундугун бир топ кыскартууга да мүмкүндүк берет.

Турнабайдын көрүү түтүктөрүнүн биринин сүрөттөлүш пайда болуучу фокалдык тегиздигине атайын торчо жайгаштыруу менен бурчтарды жана аралыктарды өлчөсө болот. Турнабайдын эки түрү бар: Галилей Турнабайы (объективи оң, окуляры терс фокус аралыгына жана чоң жарык күчүнө ээ, предметтин жалган, түз сүрөттөлүшүн берет, чоңойтуусу 24 эсе) жана призмалуу Т. (узунураак көрүү түтүгүнө ээ, предметтин тескери сүрөттөлүшүн берет, чоңойтуусу 22 эсеге жетет). Турнабай аркылуу байкоо көздүн чарчоосун азайтат жана стереоскоптук көрүүнүн радиусун чоңойтуунун эсебинен ар түрдүү аралыкта жайгашкан нерселерди кабыл алууну жеңилдетет. Турнабай аркылуу караган кезде объективдердин окторунун арасындагы аралык эки көздүн окторунун арасындагы аралыктан канча эсе чоң болсо, стереоскоптук көрүүнүн радиусу ошончо эсе чоңоёт.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4