Тынымсейитова, Жумакан

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Жумакан Тынымсейитова (1929-жылы ноябрда туулган – 1975-жылы 29-июлда каза болгон) – Кыргызстанда совет доорунда жашаган белгилүү акын айым. Орус тилиндеги адабиятта анын ысымы “Джумакан Тынымсеитова” түрүндө учурайт.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Жумакан Тынымсейитова 1929-жылы ноябрда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Он-Арча айыл өкмөтүндө (Эчки-Башы кыштагында) туулган.

Атасы Тынымсейит - кыргыздын тынымсейит уруусунан болот. Энеси - Саракан.

Согуш жылдарынын алгачкы учурунда мектепте окуп, 1943-жылы өз кыштагындагы жети жылдык мектепти аяктаган.

1943-45-жылдары Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайда таалим алган.

1945-жылдан тартып Он-Арча жана Кум-Бел айылдык китепканаларында китепканачы болуп иштеген.

1950-52-жылдары жана андан соң 1955-60-жылдары Нарын шаарында Тянь-Шань облустук (азыркы Нарын облустук) үналгы берүүсүндө диктор болуп эмгектенген.

Ал эми 1952-55-жылдары жана андан соң 1960-63-жылдары “Тянь-Шань правдасы” облустук гезитинде жана “Жеңиш” райондук гезитинде адабий кызматкер болуп иштеген.

1963-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Нарын шаарында балдар бакчасынын башчысы болуп иштеген.

1975-жылы 29-июлда узакка созулган оорунун айынан каза болгон. Сөөгү Нарын шаарындагы мусулмандар көрүстөнүндө коюлган.

Адабий ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Жумакан Тынымсейитованын кыргызча 9 ыр жыйнагы, “Акыркы жолугушуу” деген пьесасы жарыяланган.

Анын алгачкы чыгармасы 1957-жылы жарык көргөн.

“Сыбызгы” деп аталган туңгуч ырлар жыйнагы 1961-жылы жарык көргөн.

Анын пьесасы Нарын облустук музыкалык драма театрында коюлган.

Бир катар публицистикалык макалалары жана маектери Кыргызстандагы мезгилдүү басма сөздө жарык көргөн.

Акындын айрым ырлары орус тилине которулган.

Эчки-башылыктардын өздүк көркөм чыгармачылык тобу. Жетекчиси - композитор Сайыргазы Түркмөнов. 1960-жыл.

Акын Ж.Тынымсейитованын «Ысык-Көлдөн бир элес» ("Ай баратат") деген ырына өз айылдашы, элеттик композитор Сайыргазы Түркмөнов татынакай обон жаратып, бул обондуу ыр кыргыз музыксынын алтын корунан орун алды.

”Алыкул жана музыка” ырынан бир шиңгил[оңдоо | булагын оңдоо]

Алиге агарып, таң атпайт,
Жазат ал, Шотаны барактайт.
Акынга алты эсе күч берип,
Аппак күү сезимде шарактайт!

Коомдук ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Акын Жумакан Тынымсейитова 1963-жылдан тартып СССР Жазуучулар Биримдигинин мүчөсү болгон.

1962-жылдан өмүрүнүн акырына чейин КПССтин мүчөсү болгон.

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Жумакан Тынымсейитованын өмүрлүк жубайы Мунаке Султаналиев Нарын облусунун кадырман ишмерлеринен болгон.

Жумакан Тынымсейитова эки уул (Мырзагул менен Турат) жана эки кыз (Рая менен Гүлжанды) төрөгөн.

2012-жылдын октябрында алардын ичинен Рая гана өмүр сүрүүдө. Шум ажал Мырзагул, Турат, Гүлжанды 1995ң2012-жылдардын ичинде эрте алып кетти.

Достору. Даңазалуу замандаштары[оңдоо | булагын оңдоо]

Акын Жумакан Тынымсейитова кыргыздын чыгаан тарыхчы-этнограф кызы Какен Мамбеталиева, диктор Капар Алиев, заманбап кыргыз жазуучусу Кеңеш Жусупов, генерал Бейше Молдогазиев, журналист Сулайман Мамбеталиев, архитектор Вера Алиева, элеттик коомдук ишмер жана акын Күмүш Суранова сыяктуу бир катар замандаштары менен тыгыз карым-катнашта болгон.

Жазуучу Бейшебай Усубалиев эскерет[оңдоо | булагын оңдоо]

“(Акын Жумакан Тынымсейитова) өзүнөн кийин келаткан муун жөнүндө толкунданып да, тынчсызданып да кеп кылып жатканын көп уктум. Бир-экөө өзгөчө эсимде калыптыр. Роза Карагулова жөнүндө бөтөнчө бир сүймөнчүк менен айтчу. Кат жазышып турушса да керек эле. Айтып-айтып келип, акырында муңайып:

- Күйөөсү ичет окшойт, - деп койчу акырын.

Анан бул жарыкчылыкта өзү эле жалгыз калгандай эч нерсеге көңүл бурбай, алдындагы эки баракка тигилчү. Сыягы, ал Роза эжеден келген кат болсо керек…

- Ат-Башыдан бир бала өсүп келатат. Жетим экен. Ырлары тим эле укмуш! - деп эже барбалаңдап сүйүнүп жатканын бир жолу кулагым чалып калды.

Эже дагы эле айтып-айтып келди да, бир маалда тык токтоп:

- Кийин ичип кетпесе экен, - деп койду ойлуу.

Чын эле, ошол "укмуш" укмуш экен. Көп өтпөй эле мурдун барбайтып Шайлообек Дүйшеев деген бир жылдыз жанып чыкты”.

(Булак: “Агым” гезити. – 7-май, 2010-жыл. – 27-бет. - Б.Усубалиев. Түнкү таң же Өлүм неге сулуу көрүнөт?)

Акын Шайлообек Дүйшеевдин эскерүүсүнөн[оңдоо | булагын оңдоо]

“Адамдын баскан жолунда сєзсїз ага Кыдыр Алейки Салам жолугат деп айтып калышар эле. Кыдыр Алейки Салам мага жакшы элежолукту.

Кыдыр адегенде мага, шамал кайда айдаса ошол жакка делдектеген бала кезимде акын Жумакан Тынымсейитова болуп, кийин жол табалбай буулугуп турганда жазуучу Асанбек Стамов болуп жолукту”. (Ш.Дүйшеев. Отко чуркаган бала.)

Сыйлыктары. Наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Акын Жумакан Тынымсейитова совет доорунда “Каармандык эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.

Эстутум[оңдоо | булагын оңдоо]

Элеттик айылына сиңирген эмгеги татыктуу бааланып, эгемендик доорунда анын аты Эчки-Башы айылындагы эки кабаттуу имараты бар клубга ыйгарылган.

Акын Жумакан Тынымсейитованын ысымындагы стипендиялар Он-Арча айылындагы мектептин мыкты окуучуларына берилип келди.

Чыгармаларынын жана китептеринин чакан тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Сыбызгы: Ырлар жыйнагы. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1961. – 133 б.
  • Жалкоо таранчы: Ырлар. - Фрунзе: Кыргызокуупедмамбас, 1963. – 23 б.
  • Нарын толкундары: Ырлар жыйнагы. - Фрунзе: Кыргызмамбас, 1963. – 35 б.
  • Соң-Көл дептери: Ырлар жана поэма. - Фрунзе: Кыргызстан, 1966. – 101 б.
  • Алтын топчу: Ырлар. - Фрунзе: Мектеп, 1974. – 11 б.
  • Ыргактар: Ырлар жана поэма. - Фрунзе: Кыргызстан, 1974. – 70 б.
  • Ата-Журт ыргактары: Ырлар жана поэмалар. - Фрунзе: Кыргызстан, 1979. – 228 б. (Родные напевы : Стихи и поэмы / Джумакан Тынымсеитова ; [Вступит. статья К. Жусупова], 225 с. 1 л. портр. 13 см., Фрунзе Кыргызстан 1979).
  • Ырлар жана поэмалар. - Фрунзе: Кыргызстан, 1986. – 128 б.
  • Жумакан. - Бишкек, 2000.

Орус тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Тынымсеитова Дж. Лечу на луну: Стихи: [Для дошк. возраста] / Ж. Тынымсеитова; [Худож. Касмамытова Ж.]. - Бишкек: Адабият, 1991. - [20] с. цв. ил. 22 см.
  • Тынымсеитова Дж. О хорошем человеке: Стихи / Пер. С.Фиксина // Памятник солнцу: Стихи поэтов Киргизии, посвящ. дружбе народов. - Ф., 1975. - С. 153-154.

Акындын орусча которулган “Тянь-Шань” деген ыры[оңдоо | булагын оңдоо]

Ты не думай, что мой Тянь-Шань-
Это просто цепи вершин,
Что моя седая страна
Для одних снегов создана.
Мой Тянь-Шань – это зелень трав.
На Джайлоло - несметный скот…
Будет тысячу лет неправ,
Кто Тянь-Шань стороной обойдет.
Это белый пьянящий кумыс,
Это дробно звенящий комуз,
Это ели - Тянь-Шань краса-
В голубые глядят небеса.
Ты не думай, что мой Тянь-Шань-
Только горы в белых снегах,
У подножий гор - урожай!
Здесь машины - в умелых руках.
А в горах залегает руда.
Тут живут герои труда.
Не раздумывай, приезжай
В мой рабочий, зеленый край. (Джумакан Тынымсеитова).

Кыскача адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • Асанов, Үсөн. "Нарын облусуна 70 жыл". Энциклопедия. - Бишкек, 2009.
  • Жусупов, Кеңеш. Каралдым, тоолор. – Ф.:Кыргызстан, 1967. – 96 б.
  • Жусупов, Кеңеш. Тоолуктар баяны: Аңгемелер, повесттер, эссе. – Ф.: Мектеп, 1984. – 353 б.
  • Жусупов, Кеңеш. Жан шерик: Жыйнак / Жыйнакты түзгөн Айгүл Эралиева. – Бишкек: Бийиктик, 2007. – 588 б. - ISBN 978-9967-13-229-0.
  • Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Аскар Маткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2006. – 480 б. – ISBN 9967-23-866-6.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Суранова, Күмүш. Он-Арча. Бишкек, 1993.
  • Писатели Советского Киргизстана / Авторы-составители: Камбаралы Ботояров, Раиса Момунбаева; Составитель: Анара Макеева; Редколлегия: Барпы Рыспаев (Главный редактор) и др. - Бишкек: Издательство “Адабият”, 1989. – 656 стр. – ISBN 5-660-00084-3. (Мында: 554-555-беттерде).

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Айылдаштары. Мекендештери. Ар кыл сүрөттөр[оңдоо | булагын оңдоо]

Жазуучу Кеңеш Жусупов өзүнүн туулуп-өскөн Он-Арча айылында. Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 04.10.2012.
Жазуучу Кеңеш Жусупов жана генерал Бейше Молдогазиев өз жердештери менен. Он-Арча айылы, Нарын облусу, Кыргызстан. 04.10.2012.
Журналист, ардагер Сулайман Мамбеталиев өзүнүн Он-Арча айылында жакын туугандары Жумамүдүн Кадырмамбетов жана анын уулу Таалайбек Жумамүдүн уулу менен. Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 27.9.2012.