Дүйшеев, Шайлообек

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев. 11.3.2012.

Шайлообек Дүйшеев (Shailoobek Duisheev; 1950-жылы 23-февралда туулган) - кыргыздын чыгаан акыны, журналист.

Кыскача өмүр жолу[оңдоо | булагын оңдоо]

Акын Шайлобек Дүйшеев Кыргызстандын Нарын облусундагы Борбордук Теңир-Тоо койнунда, Ат-Башы районундагы Ат-Башы кыштагында 1950-жылы 23-февралда туулган.

1967-жылы Ача-Кайыңды айылындагы Ой-Терскен орто мектебин аяктаган.

1968–1970-ж.ж. Советтик Армиянын катарында, Москванын алдындагы зениттик ракеталык аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн.

1970–1975-ж.ж. райондук "Жеңиш жолу" гезитинде корректор, МСОдо куруучу, совхоздо жумушчу, ПМКда бетончу, заводдо металл кескич, формовщик болуп иштеген.

1975-1980-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин (азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети ) журналистика бөлүмүнүн (ал кезде - филология факултетинин журналистика бөлүмүн) студенти.

1980-1983-ж.ж. Нарын облустук радиокомитетинин редактору, «Нарын правдасы» гезитинин кабарчысы.

1983–1990-ж.ж. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Мамлекеттик филармониясынын адабий бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

1990–2005-ж.ж. «Ала-Тоо», «Жетимен» адабий журналдарынын бөлүм редактору, «Кыргызстан маданияты» гезитинин кабарчысы, «Чалбалекей доор» гезитинин башкы редактору, «Асаба», «Республика», «Агым», «Алас» гезиттеринин башкы редакторунун орун басары, кабарчысы болуп иштеген.

2011-жылы акындын чыгармачылыгына арналган "Отко чуркаган бала" даректуу тасмасы тартылган (Режиссеру - Бакытбек Турдубаев).

2005-жылдан азыркы күнгө чейин "Азаттык" үналгысынын Бишкектеги баяндамачысы болуп иштеп келет.

Китептери[оңдоо | булагын оңдоо]

Ш. Дүйшеевдин чыгармалары 1968-жылдан бери жарыяланып келе жатат.

1985-жылы «Аптап» аттуу биринчи поэзиялык жыйнагы чыккан.

Андан кийин акындын "Кайдыгерлик", "Сүйлөшкөнгө чейинки сөз", "Тайгүлүк", "Арабадагы ыр", "Шамал", "Шакен азган", "Алтайдын ошол поюзу", "Шам", "Туз", "Эки дөөнүн күрөшү", "Агындылар", "Кудайдын тоосу кулады" китептери жарык көргөн.

"Агындылар" китеби элдин суроо-талабы менен алты жолу басылып чыккан.

Коомдук ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

1987-жылдан СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү.

1989-91-жылдары акындын "Кайдыгерлик" жана башка публицистикалык ырлары жүздөгөн нааразылык чаралары, митингдер, саясий ачкачылык жана башка оппозициячыл өнөктүктөр маалында ырчы Сагынбек Момбеков жана башка замандаштары тарабынан аткарылып келген.

Анын коррупцияга каршы ырлары 21-кылымдын алгачкы он жылдыгында мурдагы президенттер А.Акаевдин жана К.Бакиевдин режимдерине каршы нааразылык жыйындарда аткарылган.

Шайлообек Дүйшеев Кыргызстан жазуучулар союзунун жана журналисттер союзунун мүчөсү эмес.

Сыйлыктары жана наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

2005-жылы "Кыргыз Эл акыны".

2006-жылы Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты.

2009-жылы Нарын облустук Журналисттер уюмунун Сулайман Мамбеталиев атындагы сыйлыгынын лауреаты.

2010-жылы III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

2011-жылы "Эки дөөнүн күрөшү" китеби үчүн Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

2015-жылы II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

2016-жылдын 26-ноябрында КМШ Мамлекеттеринин Парламенттер Ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык адабий сыйлыгы ыйгарылган.

Ат-Башы районунун жана Нарын облусунун ардактуу атуулу.

Айрым чыгармаларынан үзүндүлөр[оңдоо | булагын оңдоо]

КАЙДЫГЕРЛИК ТҮРМӨГҮНӨН ҮЗҮНДҮЛӨР

Калдайгандын баары эле канат эмес,

Кабыландын баары эле Манас эмес.

Калкын чанган, калкынын тилин чанган,

Хан болсо да кыргыздын баласы эмес.

2

Жалган эмне, жакшы эмне ылгабадык,

Жалган ишке чыркырап ыйлабадык.

Жарма жасап ичкенге корстон болуп,

Жан оорутуп мээбизди кыйнабадык.

Мансап үчүн эл-жерге кайыл болуп,

Майдасын да, чоңун да бурмаладык.

Кыргыз жери кыргызча эмес,

Малиновка, Калиновка, Ивановка,

Кыргыз жери кыргызча эмес,

Заготзерно, Ново-Российка, Молозавод.

Кыргыз жери кыргызча эмес,

Михайловка, Ключевка, Конезавод.

Кыргыз жери кыргызча эмес,

Серафимовка, Быстрока, Орловка,

Кыргыз жери кыргызча эмес,

Сосновка, Покровка.

Чүйдө дагы Покровка,

Таласта да ПРокровка,

Көлдө дагы Покровка,

Покровка, Покровка, Покровка,

Кыргыздын жериндеги Татиуровка!

3

Кыргызгүл, Кыргызбайда барк болбосо,

Кыргызгүлүн жеңе кылар,

Жеринде шарт болбосо.

Кыргызгүлүн кыргызга эне мкылар

Элинде нарк болбосо,

Кыргызгүл, Кыргызбайдын

Тагдырын ойлой турган калк болбосо.

Кыргыз, Кыргызбайды

“келе? Келе-гой?” деп

Ак Үйдө ишке албаса,

Кантип анан Кыргызбайлар

Жериен бакыт таппай,

Жем таппай Ата Журттан

Жер кезип жөнөбөсүн?

Кантип анан Кыргызгүлдөр

Элинен бакыт тапаай,

Эси жок эркектерден

Эри жок төрөбөсүн?

4

Канча идеяң жок болду мамонт юолуп,

Канча балаң жок болду аборт болуп.

5

Ии, Дардаң мырза,

Көк шилең талдан найза жасашкандай,

Сенден мырза жасашты го?

Кембагал экениңе карабастан,

Мырза деп аташты го?

Ии, Дардаң мырза,

Жетет эми!

Таш байлап таманыңа, көчүк батыр,

Кейиши көп көр турмуш көчүп жатыр.,

Кечке жетпей жаккан от өчүп жатыр,

Кечке жетпей картайып шуручун кыз,

Шуу-шуу этип өмүрүң өтүп жатыр..

6

Манабы көп элдерден дал ушуинтип,

Мансапкор мансапкорун жөлөп турат.

Манасы жок элдерден дал ушинтип,

Абыке, Көбөш чыгат.

Каныкейи жок энелер дал ушинтип,

Кайрымы жок балдарды төрөп турат.

7

Ысык-Көлдү сакта дейсиң элден мурда,

Көлдүн өзүн, Көлдүн өзүн.

Элдин өзүн кантип сактайм Көлдөн мурда?

Кудуктай көздөрүнөн куса жанган,

Кум-Төрү кумга айланып упаланган,

Кыз-уулу кулга айланып туталанган,

Куурайдай ушаланган,

Балдарды кантип сактайм?

Чыгармалары[оңдоо | булагын оңдоо]

кайдыгерлик

  • "Аптап" ырлар жыйнагы. Фрунзе, 1985.
  • Сүйлөшкөнгө чейин сөз: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1989. –72 б.
  • Кайдыгерлик: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1991. – 80 б.
  • Тайгүлүк: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1991. – 16 б.
  • Арабадагы ыр: Публицистикалар, пародия, айтыш, тамаша, обондуу ырлар, поэмалар жана кара сөздөр. – Б.: Шам, 1999. – 384 б.
  • Арабадагы ыр 2.– Б.: Педагогика, 1999. – 430 б.
  • “Эки дөөнүн күрөшү”. Бишкек, 2010. "Турар" басмасы.
  • "Агындылар". 2013-ж. Бишкек. "Учкун" басмасы. III том.
  • Кудайдын тоосу кулады. Бишкек. "Турар" басмасы. 2018-ж. 94 б.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]