Суранова, Күмүш

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Күмүш Суранова, элеттик кыргыз коомдук ишмер айымы. Бишкек шаары. 2007-жылдын 14-апрели.

Күмүш Суранова (1924-жылы 5-майда туулган – 2012-жылы 2-октябрда каза болгон) – Кыргызстандагы белгилүү коомдук ишмер айым.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Балалык чагы[оңдоо | булагын оңдоо]

Күмүш Суранова 1924-жылы 5-майда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Он-Арча айыл өкмөтүндө (Эчки-Башы кыштагында) туулган.

Өзүнүн атасы Эраалы жана баккан атасы Суран, апасы Бурулкан тууралуу Күмүш Суран кызы мындайча эскерет:

"Мен 1924-жылы мурдагы Тянь-Шань, азыркы Нарын районунун Онарча айылында туулган экем. Айы, күнү белгисиз. Тотуйна деген таажеңем: "Сен жаркыраган айда, койлор төлдөп жаткан учурда Өрнөктүн суусунун кашатында жарчада төрөлгөнсүң",-деп калаар эле. Апам Бурулкан атам Суранга 13 жашында баш кошуптур. Тилекке каршы, таптакыр согончогу канабайт. Ошондо атамдын бир тууганы үркүндө көз жумуп, андан калган Сайна деген кызды багып алышат. Сайна бойго жетип, турмушка чыккан соң "балалуу үй - базар, баласыз үй - мазар" демекчи, үй аңгырап, атам менен апам кайрадан бири-бирин тиктешип калышат. Ошондо апам атама токол алып, артына туяк калтырууну сунуштаса, атам таптакыр мойноп коюптур. "Мага экинчи бул сөзүңдү айтпа, мен сени 13 жашыңда алгам. Же эмне, төрөбөйсүң деп сага бир ооз айттымбы?",-деп көгөрүп болбой коёт. Ошондон көп өтпөй "бала тапкандыкы эмес, баккандыкы" деп Бурулкандын бир тууган агасы Эраалынын жаңы төрөлгөн кызын багып алышып, Күмүш аташат. Ошол мен экенмин. Алар мени канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай багышты. Ата-энем башка экенин секелек кезимде билдим. Кээде күн жааган учурда козуларыбыз таанылбай, бөлүшкөндө балдар менен козу талашып уруша да кетчү элек. Бир жолу Сактыян деген бала экөөбүз козу талаша кетип, ал: "Козуну коюп өз ата-энеңди таап ал!"-деп козумду колумдан жулуп алды. Өңгүрөп ыйлаган бойдон үйгө барып эле: "Менин ата-энемди таап бергиле! Мен кимдин кызымын?"-деп байкуш ата-энемдин жүрөгүн оорутканым эмгиче эсимден кетпейт". (Булак: Леди.кг).

Ошентип, Күмүштүн бала чагы Эчки-Башы айылында өткөн.

Эмгек ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында жаш экенине карабай, чарбалык иштерге аралашып, өзүнүн айылында китепкана башчысы, табелчи, жылкы ферма башчысы болуп иштеген.

1954-жылы республикалык эки жылдык партиялык мектепти окуп аяктагандан кийин колхоздогу жетекчилик кызматтарга көтөрүлгөн. Казан-Куйган айылдык кеңешинин төрайымы, партиянын Нарын райкомунун бөлүм башчысы, райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары кызматтарын аркалады.

1957-жылы Он-Арча айылдык кеңешинин төрайымы болгон.

Ал 1958-71-жылдары Нарын (Тянь-Шань) районунун “Коммунизм” колхозунда башкарманын төрайымы болуп иштеп, эмгеги менен бүткүл жумуриятка таанылган.

1971-83-жылдары Он-Арча айылдык кеңешинин төрайымы болуп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан.

Эчки-башылыктар (оңдон солго): Күмүш Суранова, Кеңеш Жусупов, Жумамүдүн Кадырмамбетов, Тынчтык Иманалиев. Бишкек шаары, Кыргызстан. 2007-жылдын 14-апрели.

Күмүш Суранова 1950-54-жылдары СССР Жогорку Советине депутат, 1959-63-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болгон.

Ал Нарын облустук кеңешке үч жолу, Тянь-Шань (азыркы Нарын) райондук кеңешке жети жолу депутат болуп шайланган. Кыргызстан Компартиясынын XI съездине делегат болуп, Кыргызстан КП БКнын мүчөлүгүнө шайланган.

Көп жолу республикалык аялдар съездинин, колхозчулар съездинин, керек-жарак союзунун съезддеринин делегаты болгон. Пост-советтик доордо Кыргызстан Аялдарынын Конгрессинин курултайларына жигердүү катышкан.

Күмүш Суранова 1995-жылы Москвадагы Улуу Жеңиштин 50 жылдыгындагы салтанаттуу парадга катышкан. Ошол эле жылы Бээжин шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун аялдардын акыбалына арналган Төртүнчү бүткүл дүйнөлүк конференциясына катышкан.

Күмүш Суранова иштин көзүн билген жетекчи, чарбалык жана коомдук чыйрак ишмер айым экенин айгинелеп, элет экономикасын өнүктүрүүдө, айылдагы элдин жашоо-турмушун жакшыртууда, айыл маданиятын жаңы баскычка көтөрүүдө көп иштерди бүтүргөн.

Ал иштеген жылдары Оттук жана Он-Арча айылдарында клуб, маданият үйү, мектептин жана балдар бакчасынын жаңы имараты, ири сугат каналдар, жаңы үйлөр, короо-сарайлар, суу түтүктөрү, мончо, дүкөндөр курулган.

Ал мурдагы Совет мамлекетинин өз учурундагы лидерлери Иосиф Сталин, Никита Хрущев сыяктуу инсандарды көргөн.

Анын өмүрлүк жубайы, маркум Данияр Борбодоев да айылдын кадырман аксакалы, дубанга белгилүү саяпкер болгон.

Күмүш Суранова чыгармачылык шык-дарамети аркылуу да жамы журтка таанылган инсан эле.

Ал бир нече ыр китептерди жана бир катар публицистикалык макалаларды, өз замандаштары жөнүндө эскерүүлөрдү жазып калтырды.

Элеттик акын Күмүш Суранова 1967-жылы “Бакыт берген партиям”, 1971-жылы “Баба Дыйкан”, 1993-жылы “Он-Арча” китебин жарыялаган.

Ал Кыргызстан Аялдар Конгрессинин ардактуу мүчөсү болуп шайланган.

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Өмүрлүк жубайы – маркум Данияр Борбодоев (1910-1981) өз айылынын кадырман карыяларынан болгон. Данияр атанын көзү өткөн соң ал башка нике курган эмес.

Күмүш Суранова эки кыз (Оңол менен Жумаш) жана эки уул (Сагынбек менен Тимурлан) төрөгөн.

Күмүш чоң апанын 21 небереси, 34 чөбөрөсү 5 кибереси бар (2012-жылдын 3-октябрындагы небереси Нурлан Данияровдон алынган маалымат).

Достору. Даңазалуу замандаштары[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов этнограф Какен Мамбеталиеванын элесине багышталган илимий жыйында. КУУ, Бишкек. 17.6.2010.

Ал кыргыздын чыгаан акын кызы, маркум Жумакан Тынымсейитова, тарыхчы Какен Мамбеталиева, диктор Капар Алиев, заманбап кыргыз жазуучусу Кеңеш Жусупов, генерал Бейше Молдогазиев, журналист жана жазуучу Сулайман Мамбеталиев, архитектор Вера Алиева сыяктуу бир катар замандаштары менен тыгыз карым-катнашта болгон.

Кыргыз архитектор айымы Вера Алиева. Бишкек шаары, Кыргызстан. 2012-жылдын 20-октябры.

Коомдук жана журналисттик ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Күмүш Суранова 1950-54-жылдары СССР Жогорку Советине депутат болгон.

Ал 1959-63-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болгон.

Ал Кыргызстан Аялдарынын Конгрессинин ардактуу мүчөсү болгон.

Күмүш Суранова 1995-жылы Москвадагы Улуу Жеңиштин 50 жылдыгындагы салтанаттуу парадга катышкан.

1995-жылы ал Бээжин шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун аялдардын акыбалына арналган Төртүнчү бүткүл дүйнөлүк конференциясына катышкан.

Бир катар публицистикалык макалалары жана маектери Кыргызстандагы мезгилдүү басма сөздө жарык көргөн.

Сыйлыктары. Наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Эл алдында жана мамлекетке кылган ак кызматы үчүн Күмүш Суранова совет доорунда эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, СССРдин медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Эстутум[оңдоо | булагын оңдоо]

Күмүш Суранованы акыркы сапарга узатуу маалында тигилген боз үй. Эчки-Башы айылы, Он-Арча кыштагы, Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 04.10.2012.

Элеттик айылына сиңирген эмгеги татыктуу бааланып, эгемендик доорунда Күмүш Суранованын аты Эчки-Башы айылындагы каналга жана Оттук кыштагындагы бир көчөгө ыйгарылган.


Эмгектеринин чакан тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Суранова, Күмүш. Бакыт берген партиям. – Фрунзе, 1967.
  • Суранова, Күмүш. Баба Дыйкан. Фрунзе, 1971.
  • Суранова, Күмүш. Он-Арча. Бишкек, 1993.


Кыскача адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • Асанов Ү. "Нарын облусуна 70 жыл". Энциклопедия. - Бишкек, 2009.
  • Жусупов, Кеңеш. Каралдым, тоолор. – Ф.:Кыргызстан, 1967. – 96 б.
  • Жусупов, Кеңеш. Тоолуктар баяны: Аңгемелер, повесттер, эссе. – Ф.: Мектеп, 1984. – 353 б.
  • Жусупов, Кеңеш. Жан шерик: Жыйнак / Жыйнакты түзгөн Айгүл Эралиева. – Бишкек: Бийиктик, 2007. – 588 б. - ISBN 978-9967-13-229-0.
  • Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Аскар Маткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2006. – 480 б. – ISBN 9967-23-866-6.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – ISBN 978-9967-25-256-1.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]