Тюрго Анн Робер Жак

Википедия дан
Тюрго Ан Робер Жак

Тюрго Анн Робер Жак (1727–1781) – франциялык экономист, Мамлекеттик, саясий ишмер. Экономикалык либерализмди негиздөөчү катары тарыхка кирген. Өзү түбү Нормандиядан. Анын чоң чоң атасы 1614-жылы Генералдык штатка Нормандия дворяндарынын түзүүчүсү катары кыймыл жасаган. Анын чоң атасы 17-кылымдын аягында Мецеде өзүнүн интендантын түзгөн,андан кийин Турда. Атасы Парижде мамлекеттик ишмерлердин бири болгон. үй-бүлөдө үчүнчү улу болгон Тюрго көбүнчө руханий билимге кызыккан. Бала кезинде кичинекей тартынчаак жоош бала болуп, качан өзүн бакма бала экенин билгенде дивандын, стулдардын астына жашынып алып үйүндөгүлөрдү, ата-энесин коркуткан. Ал Сен-Сюльпис семинариясына берилген. Кийн "Сорбонна"га кудай (дин) жөнүндө билим алуу үчүн тапшырган. Гольбахтын, Дидронун, Гельвецийдин материалисттик көз – караштарын колдогон. Өзүнүн тарыхый-философиялык иштеринде Вольтер Кондорсе менен катар прогресстин буржуазиялык теориясын жактаган. Коомдук өнүгүүдө экономиканын өсүүсүнө чоң маани берген. Илимдин, техниканын өсүшүнө карата өзүнүн идеяларын билдирген. Коомдун таптык бөлүнүүлөрүнө, маяналардын маанисине карата өз ойлорун билдирген. Негизги эмгеги «Байлык жөнүндө ой-жүгүртүү жана аны бөлүштүрүү» аталат. 1776-жылы жазылган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004