Мазмунга өтүү

Тянь-Шань сибирчиси

Википедия дан

Тянь-Шань сибирчиси (лат. Sibiraea tianschanica, Pojark.) - Жапыз өскөн, бийиктиги 0,5 м ге жеткен, кара-күрөң, жоон бутактуу бадал. Жалбырактары ичке ланцеттей, жалбырак сапсыз, узундугу – 2-6 см, туурасы 4-8 см келип, учу учтугуй, теги жылаңач, кээде кирпик сымал кырдуу. Гүлдөрүнүн диаметри 5 мм, узундугу 2,5 см келген чачы топ гүлгө чогулуп, ичке өзөктө тыгыз жайгашкан, ал эми чачы топ гүлдөрү, шыпыргыдай топ гүлгө топтолгон, төмөнкү топ гүлдөрүнүн гүл сабынын узундугу 0,5-3 мм. Гүл топторунун гүл саптары жана гипантии жыш, узун түктүү. Желекчелери жылаңач, 4 мм узундукта, туурасы 2 мм.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Июнң айында гүлдөп, августта мөмөлөйт. Вегетативдик жана уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түндүк Тянңшанң (Кетмен, Заилийск, Күнгөй жана Тескей Алатоо кыркалары). Кыргызстанда – Көкжар дарыясынын башатында (Тескей Ала-Тоо) жана Сүттүү-Булак суусунун башатында (Күңгөй Ала-Тоо) өсөт.

Өсүү шарттары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бийик тоо алкактарында: бадалдуу жана жапалак арчалуу, сейрек өскөн карагайлуу токойлор, криофиттик (субалңпы) шалбаалар жана жапыз чөптүү (алңпы) шалбаасы. Жалгыздан же көп эмес топто учурайт.

Маалымат жок.

Чектөөчү факторлор

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жайыттарга мал жаюунун кесепетинен жабыркайт. Жаш өсүндүлөрү, көчөттөрү жокко эсе.

КР УИАнын Ботаникалык багынын дендрарий-коругунда бир нече жолу эгилген. Уругун күзүндө сепкенде көчөттөрү апрелде чыгат. Температуранын жогорулашынын жана абанын кургактыгынын кесепетинен кийинчерээк солуп калат.

Уюштурулган коргоо аракеттери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казак ССРинин (1981) жана Кыргыз ССРинин (1985) Кызыл китептерине киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көкжар дарыясынын башатында ботаникалык заказник уюштуруу. Калган жерлерде түрдүн популяцияларына туруктуу көзөмөл салуу керек.

CR. Түндүк Тянь-Шандын декоративдүү, сейрек кездешкен эндем өсүмдүгү.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]