Түбөлүктүү сүйүү

Википедия дан
Түбөлүктүү сүйүү
Kara Sevda
Жанр

Махабат мелодрамасы

Формат

576i (16:9 SDTV)
1080i (HDTV)

Ролдордо

Бурак Өзчивит
Неслихан Атагүл

Композитор

Тойгар Исикли

Мамлекет

 Түркия

Түпнуска тили

Түркчө

Сезондордун саны

1/ 2?

Сериялардын саны

35

Өндүрүш
Продюсер

Керем Чатай

Режиссёр

Хилал Сарал

Сценарий

Өзлем Йылмаз

Тартылган жерлер

Стамбул

Хронометраж

130 мүнөт

Трансляция
Телеканал

Star TV (HD)

Экрандарда

2015-жыл, 14-сентябрь

Үн форматы

Стерео

Статус

1 сезону бүткөн

Шилтемелер

karasevda.tv

IMDb

ID 5133998

Түбөлүктүү сүйүү (түрк. Kara Sevda - Кара сүйүү) — Түркия телесериалы.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кемал Сойдер - шахтада иштегенди кыялданган карапайым чачтарачтын баласы. Ал кызыктуу күндөрүнүн биринде автобустан сүрөтчү, бардар үй-бүлөнүн кызы Нихан Сезин менен таанышып, мамиле уланып сүйүүгө айланат. Ниханды баш-отун жоготуп сүйгөн дагы бир жигит бар. Ал – Түркияда ири компаниянын жетекчисинин уулу Эмир Козжуоглу. Нихандын ата-энесинин бизнеси жүрүшпөй, акча маселесинде Эмирдин үй-бүлөсүнө толугу менен көз каранды болуп калышкан. Бардар кыздын энеси шартына карап кызын Эмирге күйөөгө берип, бизнесин сактап калууну көздөйт. Бирок Нихан ага макул болбойт. Ал жөнөкөй шахтёр Кемал менен шахты жайгашкан Зонгулдак шаарына барып, сүйүктүүсү менен өмүр өткөргүсү келет. Нихан өзүнө жакын жолотпой, алыстап жатканын билген Эмир сүрөтчү кызга үйлөнүш үчүн алдап-опузалоо жолуна барат. Ал Нихандын бир тууганы Озанды атайын уюштуруп, киши өлтүрдү кылып «иниңдин түрмөдө отурушун каалабасаң, мага турмушка чык» деген сунушун тикесинен коюп, Нихан аргасыз сүйбөгөн адамына турмушка чыгууга макул болот. Анын үй-бүлөсүндөгү мындай кырдаалды билбеген Кемал ага таарынып, сүйүү дартынан арылуу үчүн Зонгулдактагы шахтага иштегени кетип калат. «Мени акчам жок үчүн чанды» деп ойлогон Кемал 5 жылдан кийин Стамбулга кайтып келип, мурунку сүйүүсү Нихандын жолдошу Эмир Козжуоглунун бизнесинде башкы атаандаштардын бирине айланат.

Сезондор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Түбөлүктүү сүйүү» сериалын жаратуучулар аны 1-сезон менен эле бүтүрүшмөк, бирок рейтинги көтөрүлүп, суроо-талап көбөйгөнүнөн 2-сезонун да тартууну чечишкен. 1-сезону 35 сериядан турат. Тасмада баш каарман Кемалдын ролунда актёр Бурак Өзчивит.

2016-жылдын күз айларынан баштап Казакстандагы телеканалдардын бири аталган сериалды 1-сезонунан баштап, ал эми Түркияда 2-сезону көрсөтүлөрү айтылууда.Сериалда Зонгулдак шаарындагы шахтадагы жарылуу болгон окуя баяндалат.

Сезондор No. Сериялдардын саны Биринчи берүүлөр ( Түркия)
Биринчи берүүлөрү Акыркы берүүлөрү
1 35 (1-35) 14 сентябрь 2015 (2015-09-14) 15 июль 2016 (2016-07-15)
2 35 (36-70) сентябрь 2016 (2016-09)

Актёрлор курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Актёр Роль Сезондор
Бурак Өзчивит Кемал Сойдер Кемал Сойдер 1-2
Неслихан Атагүл Догулуга Нихан Сезин Козджуоглу/Нихан Сезин Сойдер Нихан Сезин Козджуоглу/Нихан Сезин Сойдер 1-2
Мелисса Асли Памук Асу Аладжахан Козжуоглу/Асу Аладжахан Сойдер Асу Аладжахан Козжуоглу/Асу Аладжахан Сойдер 1-2
Каан Урганжыоглу Эмир Козжуоглу Эмир Козжуоглу 1-2
Хазал Филис Күчүккөсе Зейнеп Сойдер Сезин/Зейнеп Сойдер Козджуоглу Зейнеп Сойдер Сезин/Зейнеп Сойдер Козджуоглу 1-2

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]