Түлкүкуйрук

Википедия дан
Alopecurus myosuroides.

Түлкүкуйрук (лат. Alopecurus L. 1753) – дан өсүмдүктөр тукумундагы уруу. Бир же көп жылдык чөп. Топ гүлү – машак. Мөмөсү – гүл түрпүчөсү менен чогуу күбүлүүчү данча. 50 гө жакын түрү Жер шарынын суук жана мелүүн алкактарында, тропиктик тоолуу райондордо таралган. Кыргызстанда 5 түрү өрөөндөн тартып бийик тоодогу боздөңдүү бетте, шалбаада, өзөндө өсөт. Т-тун бардык түрү – тоют өсүмдүгү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]