Түлөбердиев, Жамалбек

Википедия дан

Түлөбердиев Жамалбек (1935-ж. т, Талас району, Кырк-Казык айылы) — энергетик, мамлекеттик ишмер. Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын (1992), Эл аралык инженердик академиянын (1994) академиги.
1956-ж. В. Р. Вильяме атындагы Москва суу чарба инженерлер институтун бүтүргөн.
1956-жылдан Аламүдүн ГЭС каскадынын гидротехникалык цехинде адегенде улук мастер, 1957-жылдан начальник болуп иштеген.
1960-жылдан Быстровка энергокомбинатында директор. 1971-жылдан Кыргыз ССР энергетика жана электрификация башкы өндүрүштүк башкармасынын башкы инженери, начальниги (1985-жылдан).
1989-жылдан Кыргыз ССР энергетика жана электрификация өндүрүштүк бирикмесинин генералдык директору, 1992-жылдан Кыргызэнергокомпаниянын, 1993-жылдан Кыргыз мамлекеттик-акционердик холдинг энергокомпаниянын президенти.
Түлөбердиев энергетика, гидроэнергетика жана гидротехникалык курулуш тармагындагы чоң адис жана уюштуруучу.
СССР Министрлер Советинин мамлекеттик сыйлыгынын (500 кВтуу Токтогул ГЭСи — Анжиян бийик тоолуу жогорку чыңалуудагы электр линиясын иштеп чыккандар жана кургандар менен бирге; 1979) жана Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын (500 кВтуу Токтогул ГЭСи — Фрунзе жогорку чыңалуудагы электр линиясын иштеп чыккандар жана кургандар менен бирге; 1980) лауреаты. Эки жолу Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген энергетиги, СССРдин ардактуу энергетиги. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (1985-жылдан) депутаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.