Түркстан аскери (Түштүк Орусиянын куралдуу күчтөрү)

Википедия дан

Түркстан аскери ― Түштүк Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы генерал-лейтенант А.И. Деникиндин буйругу менен 22.01.1919-жылы түзүлгөн Ак гвардиянын бирикмеси. Түркстан аскери алгач мурунку Каспий бою облусунун аскер күчтөрүнүн негизинде түзүлүп, Түштүк Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн курамына киргизилген. Түркстан аскеринин түзүлүшүнө Каспий бою облусунун контрреволюциялык өкмөтү жана Британиянын Түркстандагы аскер миссиясы тарабынан материалдык-техникалык жардам көрсөтүлгөн. Түркстан аскеринин алдына Красноводскден (азыркы Түркмөнбашы ш.) Ташкент жана Верный (азыркы Алматы) шаарын карай багыт алып, Орто Азиянын Кызыл Аскерден толук тазалоо милдети тагылган. Бирок 1919―1920-жылдары Түркстан аскеринин негизги күчтөрү Байрам-Али, Мерв, Кушка, Ашхабад ж. б. шаарынын алдында Кызыл Аскери тарабынан талкаланып, 6.02.1920-жылы биротоло жоюлган жана аман калганы Иран аркылуу батыштагы чет өлкөгө өтүп кеткен.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4