Түркстан аскери (Жумушчу-дыйкандар Кызыл аскери)

Википедия дан

Түркстан аскери ― Чыгыш фронтунун командачысы С. С. Каменевдин директивасы менен 5. 3. 1919-ж. түзүлгөн Жумушчу-дыйкандар Кызыл аскеринин аскердик бирикмеси. Оренбург аткычтар жана З-Түркстан атчандар дивизияларынын негизинде түзүлүп, Чыгыш фронтунун Түштүк аскери бирикмесинин курамына кирген. Жарандык согуш учурунда ак гвардиячыл казак-орустарга каршы Бугуруслан, Белебей, Уфа операцияларын ишке ашырууда чоң роль ойноп, 15.06.1919-жылы таратылган. Командачылары: Г.В. Зиновьев (11-март―22-май 1919-жылы), В.П. Распопов (22―24-май 1919-жылы), M.В. Фрунзе (24-май―15-июнь 1919-жылы).

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4