Михаил Фрунзе

Википедия дан
Михаил Васильевич Фрунзе
Михаил Васильевич Фрунзе
Желек
Желек
СССРдин Аскердик революциялык советинин төрагасы
желек
желек
26-январдан — 31-октябрга чейин, 1925
Андан мурунку: Лев Троцкий
Андан кийинки: Климент Ворошилов
 
Туулган жылы: 21 -январь (2 -февраль) 1885(1885-02-02)
Туулган жери: Пишпек, Жетисуу облусу, Түркстан генерал-губернаторлугу,Орус империясы
Каза болгон жылы: 31 -октябрь 1925(1925-10-31) (40 жаш)
Каза болгон жери: Москва, РСФСР, СССР
Мүрзөсүнүн орду: Новодевичье көрүстөнү, Москва, Россия
Туулганда берилген ысымы: Михаил Васильевич Фрунзеэ
Партиясы: РКП(б), 1904-жылдан баштап
 
Аскердик кызматы
Наамы: фронттун командири
 
Автограф: Кол тамгасы
 
Сыйлыктары:
Кызыл Жылдыз ордени
Кызыл Жылдыз ордени

Фрунзе, Михаил Васильевич (1885-1925) — коомдук жана саясий ишмер, колбашчы, ыңкылапчы. Жарандык согуш учурунда Кызыл Армиянын колбашчысы, аскер теоретиги. 1919-жылга чейин фамилиясы — Фрунзеэ; партиялык псевдонимдери — Михайлов, Трифоныч, Арсений; адабий псевдонимдери — Сергей Петров, А. Шуйский, М. Мирский болгон. Туулган жери — Пишпек (азыркы Бишкек), Түркстан генерал-губернаторлугу, каза болгон жери — Москва.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Революцияга чейинки өмүрү жана ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Михаил Васильевич Фрунзе 1885-жылы Пишпек шаарында фельдшердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Улуту – молдаван.

1896-жылы 7 жашында Верныйдагы (Азыркы Алматы) эркектер гимназиясына тапшырып, аны алтын медаль менен аяктаган.

1904-жылы Петербургдагы политехникалык институттун экономикалык факультетинде окуп жүрүп, революциялык иштерге аралашкан. Орусиялык социал-демократиялык жумушчу партиясына кирген. Ошол эле жылдын ноябрь айында революциялык ишмердүүлүгү үчүн агачкы жолу камакка алынган.

Кандуу жекшемби окуясында (9-январь, 1905-жыл) Петербург шаарында манифестацияга катышып, колунан жаракат алган.

Революциядан кийинки ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Октябрь көтөрүлүшүнөн кийин, жарандык согуш мезгилинде Чыгыш фронтун, Түркстан, Түштүк фронтторун жетектеген. 1924-жылы СССР Аскер жана деңиз министри болуп дайындалган.

Өлүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1925-жылы ашказан жарасына жасалып жаткан операция учурунда каза тапкан. Расмий корутунду боюнча, канга жаман заттардын жугушу өлүмгө алып келген.[1]

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскерүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]