Түс тааныбоо (дальтонизм)

Википедия дан

Түс тааныбоокөздүн айрым түстөрдү көрбөй калышы.

Оорунун тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи жолу кызыл, жашыл же көк түстү көрбөй калганды англиялык окумуштуу физик жана химик Дальтон сыпаттап жазган (1794), кийин ал дальтонизм деп аталган. Мында кызыл жана жашыл түстү начар көрөт же дээрлик байкабайт, ошондуктан өзүн курчаган чөйрөнүн өң-түсүн туура эмес кабыл алат. Көк түстү тааныбоо сейрек кездешет. Түс тааныбоонун тубаса жана ар түрдүү себептердин негизинде кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса түс тааныбоо эркектерде 8% жана аялдарда 0,5%ке чейин кезигет, ошондой эле бул тукум кууп атасынан кызы аркылуу эркек неберелерине берилет. Тубаса түстү тааныбагандар ачык жана кочкул түстү айра албайт. Кийин пайда болгон түс тааныбоо оорулуу адамдарда (глаукомада, көрүү нерви куурап калганда, мээнин шишик оорусунда жана башкалар) кездешет.

Түс тааныбагандар үчүн чектөөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илим жана техникада түс абдан көп колдонулат, ошондуктан түстү тааныбагандарды илектеп, туура ишке орноштуруу маанилүү. Ошондой эле түс тааныбоонун даражасына карата А, В, С деп бөлүнөт. Таптакыр түстүү көрбөй калуу (түстөргө сокурлук) өтө аз кездешет. Мында бардык нерсе ак-кара түстө кабыл алынат. Бирок түстүн ачыгын айрып тааный албаган адамдар 70%ке чейин жолугат.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тубаса түс тааныбагандар айыкпайт, ал эми кийин пайда болгон түс тааныбоону өз убагында дарыласа калыбына келтирүүгө болот. Ошондуктан түстөрдү ажырата албоо байкалары менен врачка кайрылуу керек. Түстөрдү туура эмес кабыл алуу көпкө чейин оорулууга жана айланадагыларга сезилбеши мүмкүн. Ошондуктан түстөрдү ажыратууну текшерүүнүн мааниси чоң, себеби түстөрдү ажырата албоо ар кандай кырсыкка чалдыктырышы ыктымал. Түс тааныбоо менен жабыркагандар транспорт айдоого, ошондой эле түрдүү кырсыкка дуушарлантуучу өндүрүштөргө жиберилбейт. Түс тааныбоону аныктоо үчүн атайын түстүү таблица жана аппарат колдонулат.

Түс тааныбоону аныктоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түс тааныбоонун ар кандай түрлөрү боот. Анын түрүн билиш үчүн төмөнкү жадыбал колдонулат

Түстөрдү кабыл алуу айырмасы
Нормальное зрение
Протанопия
Дейтеранопия
Тританопия


Диагностика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8