Көз оорулары
Көз оорулары — көздүн көз чара сынын жана анын кошумчаларынын (көз жапкагы, жаш чыгаруучу органдар) сезгениши.
Көз ооруларынын башталышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Көз ооруларынын тубаса, кийин пайда болгон, катуу кармаган жана өнөкөт түрү болуп, бир же эки көз тең оорушу мүмкүн. Көз ооруларына жалпы организмдин оорулары, мисалы, жугуштуу (келте, кургак учук, кептөөр, бруцеллёз жана башка), мите (мисалы, эхинококк), эндокрин (кант диабети жана башка), кан тамыр (гипертония оорусу), кан оорулары (ак кан оорусу), түрдүү шишиктер (саркома, рак), борбордук нерв системасынын оорулары (менингит, мээнин шишиги), витамин жетишсиздиги, ошондой эле көздүн урунуусу, күйүүсү, чаңдын көзгө түшүшү, түрдүү химиялык, физикалык таасирлер себеп болот.
Көздүн ичиндеги басымдын жогорулашы глаукома оорусуна алып келет. Трахома, глаукома, көздүн күйүшү, көз нервинин атрофиясы жана башка көз ооруларынан сокур болуп калууга мүмкүн (к. Глаукома, Кератит, Катаракта). Оорунун биринчи белгилери билинер замат догдурга кайрылуу керек. Дарылоону оорунун себебине жана мүнөзүнө жараша догдур жүргүзүп, тамчылатма жана май дарыларын сунуш кылат. Ал дарыларды догдурдун көзөмөлүндө оорулуу үйдөн өзү пайдаланат.
Көзгө ак түшүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Көзгө ак түшүү (лейкома) — көздүн тунук чел кабыгынын чеч басып бозорушу. Чеч тунук челдин ортосунда же чет жагында болушу мүмкүн. Кээде бүт каптап калат. Дарт ак чел кабыктын сезгенүү ооруларынан же кырсыкка учурашынан пайда болот. Айрым учурда тубаса түрү да кезигет. Көз күйгөн убакта одурайган чеч басып, көздүн көрүшүн аябай начарлатат. Ал эми көз кырсыктан майып болсо жана жарага айланып кеткенде чеч өзүнчө бир формада болот, анткени көздүн өңүн берүүчү катмар бул чеч менен биригип, жабышып калат. Бул учурда көз көрбөй жана көздүн ичиндеги басымы жогорулап, глаукомага айланат. Саламатсыздарбы адамдын он козу корбой калды операция 4 жыл мурун болгон эле не кылуу керек 2чи козуно отпойбу сактап калса болобу козунун кан басымы да тез тез которулуп турат.Жардам бериниздерчи.Кенеш сурайм.
Көздүн тор кабыкчасынын сыйрылышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Көздүн тор кабыкчасы хориодея кабыкчасынан ажырап кетиши. Ал көбүнчө алыстан начар көргөн жана улгайган адамдарда кезигет. Мындай оорулуулар оор жумуш жасаганда, урунуудан көздүн тор кабыкчасы бириккен жеринен ажырап кетет. Көздүн ичиндеги суюктук тор кабыкчанын астына куюлат да, тор кабыкча сыйрылат. Оорулуунун көзүнөн от чагылып, бара-бара көрүү абдан начарлайт. Оорунун алгачкы белгилери билинери менен догдурга кайрылуу керек. Алдын алууда алыстан начар көргөн адамдар кара жумуш жасоого, оор нерсе көтөрүүгө, спорттун кээ бир түрү менен (сууга секирүү, бийиктикке жана узундукка секирүү, бокс жана башка) машыгууга болбойт. Көздү түрдүү урунуудан (айрыкча өндүрүштө), түрдүү оорулардан сактоо талапка ылайык.
Алдын алуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Көз ооруларынын алдын алууда көздү түрдүү механикалык травмадан, физикалык, химиялык таасирлерден, микроорганизмдердин түшүшүнөн коргоо, күн тартибин, өздүк гигиенаны сактоо, мүнөздөп сапаттуу тамактануу, убагы менен эс алуу зарыл. Түрдүү жугуштуу оорулардан сак болуу керек. Азыр көз ооруларынын алдын алуу чаралары, эмгектенүү жана жашоо шартынын жакшырышынан оору кескин азайды.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8