Түштүк Калифорния университети

Википедия дан
Түштүк Калифорния университети.

Түштүк Калифорния университети (англ. University of Southern California; USC [а], же SC) - 1880-жылы түзүлгөн жеке изилдөө университет болуп саналат. Ал Калифорниядагы Лос-Анджелесте жайгашкан. Калифорниядагы байыркы жеке изилдөө жогорку окуу жайы катары, USC региондун көп сандаган бизнес лидерлерин жана профессиналдарын чыгарган. Акыркы он жылдыкта, университет Азия жана Тынч океан региондору боюнча илимий-изилдөө жана маданий мекемелер менен мамилелерди түзүүгө Лос-Анжелестеги өз ордун колдонду. Университеттин экономикалык иш чаралары Лос-Анджелестин жана Калифорниянын экономикасына жылына $ 8 миллиард акча каражат алып келет.

2014-15-окуу жылында төрт жылдык бакалавр программасында 18,740 студент катталган. Университетте 23.729 магистрант жана профессионалдык студенттер, анын ичинде бизнес, укук, инженерия, коомдук иш жана медицина боюнча программалары бар. Университет каражат чогултуучу дүйнөдөгү мыкты жогорку окуу жайлардын бири, жана ал тышкы жардамы жана бүтүрүүчүлөрдүн чени боючна 3-орунда турат. Бир нече окуу рейтингдер боюнча, Кошмо Штаттардагы 25 ЖОЖдордун арасына Түштүк Калифорния университети да кирет. 16 пайыз окууга кабыл алуусу менен ал мамлекеттеги абдан тандалма жогорку окуу жайлардын бири болуп да саналат.

Университеттин бүтүрүүчүлөрү инновация жана ишкердик күчтүү салтын сактап, Lucasfilm, Myspace, Salesforce.com, Intuit, Qualcomm, Box, Tinder, жана Riot Games сыяктуу компанияларды негиздеп келишет. 2014-жылдын, университет дүйнөдөгү окуу жайлардын арасында төртүнчү болуп, миллиардер бүтүрүүчүлөрдүн ири санын чыгарган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кампустары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчилиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]