Түштүк Ысык-Көл көмүрлүү аймагы

Википедия дан

Түштүк Ысык-Көл көмүрлүү аймагыЫсык-Көл облусунун Тоң, Жетөгүз, Аксуу р-ндагы көмүр кендери жайгашкан ири аймак.

Ысык-Көл өрөөнүнүн түн.-чыгышында. Батышынан Кажысай, чыгышынан Каркыра суусу м-н чектешет. Аймактын уз. 200 км, туурасы 25 км. Мында Жыргалаң таш көмүр кени, Жергез, Сүттүбулак, Сөгөттү ж. б. күрөң көмүр кендери белгилүү. Мындагы көмүр жерг. Элге эзелтен белгилүү болсо да пайдаланылбай келген. Алгачкы геол. маалымат 1911-ж. берилген. Райондун аймагында ордовик, карбон, юра ж-а неоген-палеоген мезгилдеринин чөкмө тоо тектери, антропогендин борпоң чөкмөлөрү протерозой, каледон ж-а герцин гранитоид инт- рузиялары жатат. Чөкмө тектер райондун негизги структурасын – антиклиналдык бүктөлүүнү түзүп, пайдалуу катмарлар анын түн. канатында сыртка чыгып жатат. Көмүр юра мезгилинин алевролит, чопо тоо тек катмарларынын арасында жайгашкан. Жыргалаңда 6, Сөгөттүдө 6, Сүттүбулакта 2, Жергезде 1 пайдалуу көмүр катмары бар. Көмүр күрөң көмүр тобуна кирип, гумустуу, күкүрттүү ж-а күлү аз. Күйүүдөгү орт. табы 16–21,7 МДж/кг (Жыргалаң, Сөгөттү). Райондогу көмүрдүн жалпы эсептелген запасы 547 млн т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2